Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы аял асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, окуя 18-июль күнү катталган. Аймактык тергөөчү айылдардын биринде аял киши үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар алып, райондук милицияга билдирген.
Аталган факт Маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 2002-жылы туулган К. кызы Ж. аттуу жаран жашаган үйүндөгү мал сарайында асынып каза тапканы маалым болгон. Милиция окуя боюнча күбөлөрдү сураштырып, маркумдун сөөгүн карап чыккан.
Өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Жергиликтүү басылмалар жазгандай, аялдын артында эки баласы жетим калды. (ErN)
Шерине