Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Мамлекеттик жер тилкелерин инвесторлорго 50 жылга чейин берүү сунушталды

Кыргызстандагы жер тилкелери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жер тилкелери. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун сунуштады. Документ Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.

Анда “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүү” каралууда.

Долбоордун алкагында ошондой эле “жер тилкесин убактылуу пайдалануу (ижара) укугун күрөөгө берүүгө” уруксат берүү сунушталууда.

Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо Кыргызстандагы мамлекеттик менчикте турган жерлерди мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.

Жобо биринчи ирет 1998-жылы кабыл алынып, 2004-жылы жаңыланган. 2019-жылы өкмөттүн токтому менен жобонун жаңы редакциясы кабыл алынып, мурдагылары күчүн жоготкон. 2019-жылдан 2026-жылга чейин жобого 20дан ашык өзгөртүү киргизилген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG