Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов тергөө абагында кыйноого кабылганын айтууда. Бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотундагы отурумда ал абакта кыйноого кабылганын, коюлуп жаткан айыптар "токулганын" айтты.
“Ачык айтайын, мага карата кыйноо болду, зомбулук болду. Мунун баары уюштурулган. Калган шектүүлөр деле айтып жатат, менин эч жерде тиешем жок экенин” - деди Сайпидинов.
Сот залынан чыгып баратып ал коюлган айыптарды “буюртма” деп сыпаттады.
Райондук сотто Сайпидинов менен кошо жер тилкеге байланыштуу беш адамдын иши каралууда. Кийинки отурум 9-июнга дайындалды.
28-май күнү Мунарбек Сайпидиновдун саламаттыгы начарлап, ооруканага кайрылганы кабарланган. Маалыматты Ош шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Эржан Касымжанов "Азаттыкка" ырастап, анын буту шишип кеткенин билдирген. Дарыгер Сайпидинов кыйноого кабылганын четке каккан.
Жаза аткаруу кызматынын Оштогу башкармалыгы Сайпидинов ооруканага пландуу медициналык кароодон өтүү үчүн жеткирилгенин билдирген.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Мунарбек Сайпидинов, Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан бери жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Мунарбек Сайпидиновго сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал Орусияда кармалып, 2025-жылы 7-августта Кыргызстанга алынып келген. Ошондон бери Ош шаарындагы №5 тергөө абагында камакта жатат.
Былтыр 6-августта социалдык тармактардагы баракчасына ал видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды” билерин жарыялаган.
Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары менен жакындары бул дооматтар боюнча үн ката элек.(NK/ZKo)
Шерине