Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

ЖАМК Кадырбек Атамбаевдин абакта кыйноого кабылганын төгүндөдү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №21 абагында камалып жаткан айыпталуучу Кадырбек Атамбаевдин тергөө изоляторунда өзүнө карата коркутуулар, кыйноолор жана мыйзамсыз аракеттер колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарга 6-июлда жооп берип, айыптоолорду төгүндөдү.

“Таратылып жаткан маалыматтардагы тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучуга карата күч колдонуу, коркутуу, психологиялык басым көрсөтүү жана кыйноо фактылары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Тергөө изоляторлордо кармалган бардык адамдарга карата мыйзамдуулук, коопсуздук жана адам укуктарын сактоо принциптери так камсыздалат. Ар бир кармалган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык кароодон өткөрүлүп, алардын ден соолук абалы туруктуу көзөмөлдөнөт. Учурда айыпталуучу тарабынан денесине залал келтирүү, күч колдонуу же кыйноо боюнча медициналык кызматкерлерге же администрацияга расмий кайрылуулар түшкөн эмес”, – деп айтылат расмий комментарийде.

ЖАМК абактарда кызматкерлердин аракеттери ички тартипке жана мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөрүн, камераларды текшерүү, тинтүү иш-чаралары жана режимдик көзөмөл коопсуздукту камсыздоо максатында мыйзам чегинде жүзөгө ашырыла турганын жана кандайдыр бир адамды басмырлоо же кысым көрсөтүү максатын көздөбөй турганын белгилейт.

4-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, учурда камакта отурган Кадырбек Атамбаев ачык кайрылуу жасаган. Анын жабык жайдан жазган катын карындашы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялаган.

Кадырбек Атамбаев катта уюшкан кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы жоктугун жана курал-жарагы болбогонун белгилеп, өзүнө карата кылмыш ишти "токулган" деп мүнөздөгөн.

Атасы Алмазбек Атамбаевди опузалагысы келгендер өзүн барымтада кармап турганын кошумчалаган.

"Кош стандарт баарына көрүнүп турат. Мисалы "75чилердин катына" байланыштуу иш бир айда эле тергелип бүттү. Ал эми Темирлан Султанбеков экөөбүздүн ишибиз жети айдан ашык убакыт тергелди. Бул тарыхый адилетсиздик. Мен Максим Бакиев же Айдар Акаевдей эмесмин, банк ачып же бизнести рейдерлик менен тартып алып, эл аралык мафиялардын акчасын алып, чайкоочулук кылганым жок. Бирок ага карабай мен сегиз айдан бери таракан жана канталага толо тергөө абагында отурам. Ошол эле учурда Максим Бакиев өлкөгө (Кыргызстанга) ээн-эркин кирип чыгып, Ширшов болсо өз фондун ачып жатат", – деген анда Кадырбек Атамбаев.

Мурдагы президенттин уулу жаңы кармалганда кыйноого кабылганын, чогуу отурган адамдар аны колдогону үчүн басымга дуушар болгонун, камерада күн сайын тинтүү жүрүп, абак кызматкерлери энесине жана үй-бүлөсүнө жазган каттарын тартып алганын дагы кошумчалаган.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG