Мамлекет башчы мурдагы бийликтердин учурунда айтылгандай сотторго кураторлук кылууга жол берилбесин кошумчалады. Кыргызстанда сот адилеттигин орнотуу, реформаны ишке ашыруу ар бир бийликтин тушунда айтылып келет. Анткен менен талдоочулар соттор дале эркин боло албай жатканын белгилешет.
Сот адилеттиги, ушул тармактагы реформа маселеси президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентке барган учурда көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова негизсиз кармоолор, кандайдыр бир кураторлордун көрсөтмөсү менен өкүмдөр чыгып келгенин белгилеп, президент Садыр Жапаровду сот системасын реформа кылууга чакырды:
"Биздин соттор негизсиз соттоп, кураторлордун көрсөтмөсү менен өкүм чыгарып келишкен. Азыр ушул маселени чечип, кураторду жок кыла алабызбы?".
Мамлекет башчы Садыр Жапаров сот реформасы тууралуу депутаттын суроосуна жооп берип жатып соттордун чечим чыгаруусуна кимдир бирөөлөр кийлигишкен учурлар болорун мойнуна алды. Президент судьялардын көбү менен байланышта экенин, алардын ишине сырттан кийлигишүүгө азыр жол берилбей турганын кошумчалады:
"Буга чейин болгон, болуптур, моюнга алыш керек. Мындан ары андай жок, УКМК, ИИМ, прокуратура деген, ар ким өзүнүн ишин аткарат. Администрациядагы бөлүм башчы куратор болуп алып, өзү сот, өзү милиция, өзү прокурор болчу. Аны деле көрбөдүкпү, азыр андай жок. Катуу эскерткем. Мамлекеттик иш менен чалат, жарандык, кылмыш иш боюнча эч ким чалбайт. Биз аракет кылып жатабыз. Соттордун көбү менен өзүм түздөн-түз байланыштамын. Бир нерсе болсо "баланча мындай чечим чыгарып бер деп кыйнап жатат" деп жазат. Мен чакырып, беркилерди ордуна коюп коём. Менде андай фактылар көп", - деди президент.
Мамлекет башчы өз сөзүндө соттордун ишине кимдер кийлигишип, чала турганын тактаган жок.
Эки ирет кылмыш иши козголуп, камалган укук коргоочу Рита Карасартова учурда бир канча кылмыш ишинин алкагында сотко барып жүрөт. Ал сотторду кимдир бирөө эмес, мыйзам көзөмөлдөгөн учурда гана адилеттик орной турганын белгилеп жатат:
"Негизи коомдо президенттин жасап жаткан иштери көп айтылат. Мамлекет башчысынын негизги вазийпасы - адилеттүүлүктү орнотуу. Ал үчүн көзөмөлдөбөй, мыйзамдан чыкпай иштегиле, кимдики мыйзамдан чыкса ошондо жоопко тартыласыңар десе башкача болмок. Кайсы бир бийлик бутактан көз каранды болсо телефон чалуу, тергөөчүлөр кирип келүү сыяктуу укуктарды колдоно берет. Көп учурда мамлекет башына келгендер өзүнүн бийлигин күчөтүш, нукка салыш үчүн сотторду курал кылып алып жүрөт. Анткени басым жасаганы билинбейт, бирок соттордун чечими менен соттолуп, эркиндигинен ажырап же мүлкүнөн ажырап калат экен. Себеби соттун бийлиги абдан күчтүү".
Айрым байкоочулар Кыргызстанда сот көз карандысыздыгы орной электигин белгилешет. Жактоочу Жаныш Бараков сот тутумунда айрым жакшы жылыштар бар экенин ырастап, реформалоодогу бир нече сунуштарды айтты:
"Судьялар дагы эле толугу менен эркин эмес. Буга элдин ою - кайсыл бир резонанс жараткан иштерде эркин чечим чыгарууда кыйын болуп калат. Психологиялык басым дагы таасирин тийгизет. Реформада кылмыш ишин караган жана жарандык иштерди караган сотторду аралаштырбай, өзүнчө бөлүү керек. Бишкекте андай тажрыйба азыраак, бирок аймактарда бир эле сот кылмыш ишин дагы, жарандык ишти дагы карайт. Ошондуктан болжол менен өндүрүштө 50дөй иш болот. Экөө эки башка тармак, судьялар деле робот эмес. Аларды бөлүп койгондо иштин сапаты да жакшы болот эле. Андан сырткары мыйзамда сот арачылары бар, бирок институту жок. Зордуктоо жана баңгизат боюнча иш каралганда сот арачылары кирсе жакшы болмок. Ошондой эле соттор мыйзамга таянып чыгарган өздөрүнүн чечиминен коркпош керек. Өкүмдү тартип комиссиясы карап, баа бериши зарыл. Ал үчүн күчтүү тартип комиссиясы болушу керек, ал кандай тандалат, курамы кандай болот, ал башка маселе. Ошондой шартта гана сот мыйзамга таянып чыгарган чечимин комиссиянын алдында дагы негиздеп бере алат".
Соттордун көз карандысыздыгы, бул тармакты реформалоо маселеси дээрлик ар бир бийлик келгенде көтөрүлөт. Буга чейин президент өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук соттордун, укук коргоо кызматкерлеринин ишинен көз каранды экенин белгилеген жана сот тутуму татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө деп айткан.
Ошондой эле сот тармагын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атап келет. Анын башкы максаты бир жерде жылдап отурган судьяларды алмаштыруу, аймактардагы иштин сапатын жогорулатуу болгону белгиленип жүрөт.
Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.
Шерине