21-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болбой калды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов соттун жылып кетишине райондук соттун баштапкы соттук угуу боюнча токтомуна каршы жактоочулар Бишкек шаардык сотуна арыз жазганы себеп болгонун айтты. Андан тышкары айрым шектүүлөр менен адвокаттар кылмыш ишинин материалдары менен толук таанышып бүтө электигин кошумчалады.
“Камчыбек Ташиев сотко сөзсүз келет. Сот бүгүн болбойт, ошондуктан келген жок”, - деди ал.
18-майда Биринчи май райондук сотунда бул ишке байланыштуу баштапкы соттук угуу болуп, ага Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышкан эмес. Камчыбек Ташиев мыйзамдуу укугунан пайдаланып баштапкы соттук угууга келбесе, Бекболот Талгарбеков ден соолугуна байланыштуу катыша албай калганы айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин тергеп бүтүп, Башкы прокуратура айыптоо актысын бекиткенден кийин иш райондук сотко жөнөтүлгөн. ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтөт.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (BTo/TAb)
Шерине