Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтүн узартып, 16-июлга чейин тергөө абагында калтырды.
Райондук сот мындай токтомду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 15-майда кабыл алган. Шаирбек Ташиев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
ИИМ Шаирбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп, 1-апрелде кармаган. Ага чейин күбө катары сурак берип жаткан.
Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиевдин ишине байланыштуу айрым жагдайларды ачыкка чыгарып, атайын видео жарыялаган. Анда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекет 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экени айтылат.
Экс-депутат жана анын жактоочусу, жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек.
Шаирбек Ташиев камакка алынганга чейин “Азаттыкка” курган маегинде эч кандай мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин, укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп берерин айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. (BTo)
Шерине