Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Прокуратура "УКМКда кыйноого кабылдым" деген ишкердин арызы боюнча иш козгоду

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана арызданган ишкер.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана арызданган ишкер.

Аскер прокуратурасы Акыйкатчы институтунун кайрылуусунан кийин ишкердин арызы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 20-майда омбудсмендин кеңсеси кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жеке ишкерди (Р.Ч.) кабыл алган. Ишкер ушул жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага каршы кылмыш ишин козгогонун, атайын кызматтын имаратында сурак учурунда 9 кызматкер сабап, кабыргасы сынганын айткан.

Ишкер УКМКнын кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок прокуратура анын ден соолугуна келтирилген залал боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок деген негизде иш козгоодон баш тарткан.

Акыйкатчы Башкы прокуратурадан ишкердин арызы боюнча буга чейин кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу сунушу менен кат жөнөтүп, 18-майда Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Атайын кызматтын башчысы алмашкандан кийин айрым ишкерлер убагында УКМКнын басым-кысымына кабылганын, бизнесин тарттырып жибергенин айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров 11-мартта парламентте билдирүү жасап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG