Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган көп кабаттуу үйлөргө 19-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам суу өткөнү социалдык тармактарга жарыяланды. Бул үйлөргө былтыр күзүндө кирген тургундар жаан суусу шыптан тамчылап, кээ бир үйлөрдө шаркырап агып, подъезддерди, тепкичтерди каптаганы, ошондой эле батирлерге чейин киргени тартылган видеолорду жарыялашты.
Сүрөт, тасмалардан жаан суусу терезелердин кычыктарынан да өтүп, киргенин көрүүгө болот.
"Суу шыптан, айнектердин кычыктарынан кирип жатты. Подъезддерге толуп калды", - деп билдиришти алар.
Тургундардын айтуусунда, жаан суусун агызуучу түтүктөр толуп калганы кырдаалды ансайын кыйындаткан, чатырда чогулган суу бул түтүктөр аркылуу тепкичтерге аккан.
Ипотекалык компания 20-майда маалымат таратып, жабыркаган батирлерди өз эсебинен калыбына келтирерин жана жабыркаган жарандарга компания жардам берерин билдирди. МИК өкүлү ошондой эле жаан суусунун батирлерге жана подъезддерге агып киришин түтүктөрдүн толуп калганына байланыштырды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 19-майдагы нөшөр жаандын, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Каракол шаарында курган үйлөрүн МИК 2025-жылы Эгемендик майрамын утурлай пайдаланууга берилген.
МИКтин батирлеринин сапатына нааразы пикирлер буга чейин да айтылып келген. Былтыр июнь айында Бишкектин Маликов көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин "кире бериши чөгүп кеткени" тартылган видео жарыяланып, коомчулукта талкууга түшкөн. Сентябрдын башында ушул эле комплекстеги үйлөрдүн биринде лифттин тросу үзүлүп кетип, бир киши жабыркаганы кабарланган.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн сапаты боюнча сынга жооп берип, "үйлөр тиешелүү стандарттар жана нормалар сакталып куруларын" билдирген.
Компаниянын сайтындагы маалыматка караганда былтыр жалпы 13 миң үй-бүлө батир алган, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашуун.
МИКтин учурдагы уставдык капиталы 2 млрд доллар. Компанияга быйыл Улуттук банктын 400 млн таза кирешеси да берилгенин президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө айткан.
МИКтин директорунун орун басары Нурлан Кудайкуловдун маалыматына караганда, турак жайлардын курулушу бир чарчы метрине Бишкекте 59 миң 140, аймактарда 64 миң 800 сом деп эсептелген, ал эми сатылышы 900-1400 доллар.(ZKo)
Шерине