“Ынтымак ордо” 19-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун (Чайна Петроль Компани жабык акционердик коому) ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөнүн билдирди.
Өкмөт анда заводдун учурдагы абалы, технологиялык модернизациясынын жүрүшү жана өндүрүштүк циклди кайра баштоо графиги талкууланып, ишкананын ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуудагы ролу талкууланганын кошумчалады.
Адылбек Касымалиев күйүүчү майга байланыштуу дүйнөлүк рыноктогу туруксуздукту эске салып, кеңешмеде заводду чийки зат менен камсыз кылуу, экологиялык талаптарды сактоо жана оңдоо иштерин аяктоо маселелери каралды.
Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводу 2024-жылы 30-августта кайра ишке берилип, аны модернизациялоо башталган. 2023-жылы октябрда “Жунданы” калыбына келтирүү, модернизациялоо боюнча Кытайдан жумушчу топ келген. “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.
“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.
2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине “салыкты жашырды” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, “кылмыштын курамы жок” деген негизде аларды актаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттап турарын жакында билдирди.
Мунай ташуучулардын маалыматына караганда, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убакта 25-30% кымбаттады.
Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын дээрлик бардыгын Орусиядан сатып алат. Соңку айларда Украина Орусиянын Кара деңиздеги жана Балтикадагы портторуна, мунай иштетүүчү заводдоруна улам сокку урууда. (BTo)
Шерине