Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казим Гарибабади Тегеран АКШга тапшырган сунушка “Ислам жумуриятынын уран байытуу укугу”, “согушту бардык аймакта, анын ичинде Ливанда токтотуу”, өлкөнүн активдерин камактан чыгаруу шарттары камтылганын билдирди.
Бул тууралуу дипломат шейшембиде Иран өкмөтүнүн улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин мүчөлөрү менен жыйында айтты.
Мамлекеттик IRNA кабар агенттиги жазганына караганда, Гарибабади АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, Тегерандын Вашингтонго жолдогон жообу тууралуу доклад жасады. Ал өлкөнүн делегациясы “принциптерге” катуу турганын белгилегени кабарланды.
Докладда Ирандын соңку сунушунда уран байытуу жана бейпил максаттардагы өзөктүк ишмердүүлүккө укугун таануу, урушту бардык жерде, анын ичинде Ливанда токтотуу, деңиз блокадасын алуу, Ирандын активдерин камактан чыгаруу, согушта келтириген зыян үчүн кенемте төлөтүү, санкцияларды жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин жазалоочу резолюцияларын алуу, Ирандын айланасындагы аймактардан америкалык аскерлерди чыгаруу шарттары коюлганы айтылат.
8-апрелде ок атышпоо макулдашуусу ишке киргенден бери тараптар тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантып келатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ислам жумуриятынын сунуштарын “таштанды” деп атаганы бар. Ал Вашингтон кабыл алгыдай келишим түзүлбөсө, мындан да катуу сокку уруларын эскерткен.
18-майда Трамп Перс булуңундагы лидерлердин өтүнүчү менен Иранга каршы жаңы чабуул коюуну убактылуу токтотконун, олуттуу сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.
Вашингтон Тегерандын атомдук программасы курал чыгарууну көздөйт деп айтып келет, Иран муну четке кагууда.
Шерине