Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

"Эселеп кымбаттады". "Кызматтын" суроо жараткан кызмат акысы

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрация.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрация.

Кыргызстанда паспорт жана башка документ алуу акысы эмнеге кымбаттап жатат? Баа маселеси парламентте да көтөрүлдү.

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун бирине келген Аим Бердибаева мындан бир нече жыл мурун Орусияга кетип, ошол өлкөнүн жарандыгын алган. Туулган жерине жылына каттап турган аял Кыргызстанда убактылуу каттоого туруунун кызматынын баасы бир топ жогорулап кеткенин айтууда.

Үч ай мурда убактылуу каттоо үчүн киши башына 150 сом төлөсө, бүгүн ал 1 113 сом берген.

Аим Бердибаева
Аим Бердибаева

"Мен бүгүн 14-кабинетке барып, "бааларды эмнеге мынча көтөрүп ийдиңер? десем "мамлекет көтөрдү" деп жооп беришти. Мисалы, биз пенсиядагы адамдарбыз. Эмнеге мынча кымбат? Бааларды жогорулатышса кыйын, а ажатканасында бир үзүм кагазы жок".

Калкты тейлөө борборуна келген шаар тургундары паспорт жана башка документтердин баасы өсүп кеткенине нааразы болуп жатышат.

Анвар Ибраев
Анвар Ибраев

"Эч себепсиз кызмат акыларын көтөрүштү. Эл 10 эсе байып кеткен жок да. Карапайым элге кыйын болду. Азыр сыртта жыргаганынан иштеп жүрүшкөн жок, арасында банкрот болуп калгандары бардыр. Алар өз үйүнө кайтып келип, болгону үч айга каттоого турат. Мамлекет деген элди ойлошу керек. Эл өзүн өзү багып атат. Чет элдин экономиккасын көтөрүп, ошол жерде күндүр-түндүр иштеп жатышат", - деди дагы бир маектешибиз Анвар Ибраев.

Ошол эле калкты тейлөө жайында кепке тарткандарыбыздын арасынан бири жалпы жарандык паспортту тез арада керек болуп калгандыктан шашылыш түрдө, төрт күндө алыш үчүн 5 миң сомдон ашык төлөгөнүн айтса, дагы бири "баалар аябай өсүп кеткенин" белгиледи.

"Документ керек болуп калган үчүн эки күндө даярдап бергиле деп 5 400 сом төлөдүк. Кымбат болсо да айла жок. Баасын түшүндүрүшкөн жок. Кассага барып төлөп кел деп эле жиберип коюшат экен", - деди паспорт алганы келгендердин бири.

Бул күндөрү документтердин баасына байланыштуу маселе парламентте да козголду.

Паспорт алуунун акысы көтөрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

28-апрелде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев мамлекеттен документ, түрдүү маалымкат кагаз алуу кызматынын баасы эселеп өсүп кеткени үчүн өкмөттү сындады:

"Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер эселеп кымбаттады. Кадимки эле маалымкат 500 сом турат. Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) кирсең баа 34% чейин өсүп кеткен. Бул мекеме өзүнчө эле бизнес-долбоор болуп алды. Мамлекеттик тейлөө акысы кайда өсүп баратат? Эл нааразы. Монополияга каршы тескөө кызматы эмне үчүн унчукпайт?".

"Кызмат" мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Эрнес Досалиев депутат Бекешев айтып жаткан маалымкаттар алардын карамагында эмес экенин белгилеп, "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилип жаткан акысыз маалымкаттар үчүн гана жооп берерин айтты.

Ал эми паспорттун баасы боюнча ал мындай түшүндүрмө берди:

Эрнес Досалиев
Эрнес Досалиев

"Программалык камсыздоосу дайыма модернизацияланып турат. Техника өнүгүп, башка жаңылануулар кошулуп аткандан кийин бул маселени биз жыл сайын карап турушубуз керек. Программалык камсыздоого эбегейсиз акча кетет. Андан сырткары паспорт чыгарган жабдыктарыбыз кымбат, паспортторубузда көрсөтүлгөн коргоо белгилерин жасап чыгыш кыйын. Аны кийин камсыздап туруу да жеңил эмес иштердин бири".

Мамлекеттик "Кызмат" мекемеси паспорттун баасын март айында көтөргөн.

Ага ылайык, жалпы жарандык паспортту бир айга чукул күтүп алуу 2 981 сомду түзсө, үч саатта алам дегендер 10 363 сом төлөшү керек.

Ал эми жарандык (ID) паспорттун баасы 1 103 сомдон башталып, үч саатта документти алууну каалагандар 8 177 сом төгүшү талап кылынат. Мурда 888 сомдон 6 711 сомго чейин эле.

Жалпы жарандык паспорттун баасы
Жалпы жарандык паспорттун баасы
Жарандык паспорттун баасы.
Жарандык паспорттун баасы.

Ошол эле учурда "Кызмат" мекемеси жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн баасы арзандаганын кошумчалады.

"Кызмат" мамлекеттик мекемеси 2024-жылдын 25-октябрында президент Садыр Жапаровдун №304 жарлыгы менен түзүлгөн. Ал Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлүп, президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн.

Быйыл 1-январдан тартып "Кызмат" өзүн өзү каржылоо тартибине өткөн. Буга чейин мекеме республикалык бюджеттен каржыланса, эми ал өзүнүн көрсөткөн кызматтарынан түшкөн каражаттын эсебинен иштейт. Өзүн өзү каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу тарифтери кайра каралып, жаңыртылган.

Кыргызстанда 52 калкты тейлөө борбору иштейт. Анда, статистика боюнча, күнүнө 16 миң киши тейленет. Бул борборлордун көпчүлүк имараттары ижарага алынып иштетилет. Бул фактор дагы баалдардын өсүшүнө себеп болуп жатканын "Кызматтын" жетекчи орун басары кошумчалады.

Кыргызстан паспортту 2023-жылдын этегинде өзү чыгара баштарын жарыялаган. Ал маалда бул ишти «Учкун» мамлекеттик басмаканасы аткарары, документтерди даярдоо акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлүп, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болору айтылган.

2012-жылдары эле жалпы жарандык жана жарандык паспорт Кыргызстандын өзүндө чыгарылышы керектигин айтып келген саясатчы Мавлян Аскарбеков "Кызмат" өңдүү бир катар ишканалардын президенттин Иш башкармалыгынын карамагында болушу чоң көйгөйлөрдү жаратып жатканын айтууда:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Паспорт - мамлекеттик иш документ, ал мамлекеттин кепилдиги менен чыгышы керек. Туура. Бирок башка ишканалар, башка бизнес мамлекеттин тарабына алынбашы керек болчу. Мамлекеттик ипотекалык компания, "Унаа" ишканасы, Жыргалаң жана башка, баары аутсорсингге (сырттан кызмат алууга) берилиши керек эле экономиканы түшүнгөн адамдын көз карашы менен алганда. Бирок азыр биз байкап жатканыбыз, каражат алып келчү бардык ишканалар президенттин Иш башкармалыгынын колуна топтолуп калды. Мунун аягы жаман бүтөт, бул мамлекеттеги инфляцияга негиз болууда".

Ушул тапта жалпы жарандык жана жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, улуттук валюта мамлекеттик "Учкун" басмаканасында жасалууда. Бул ишкана да президенттин Иш башкармалыгына карайт.

Ал арада Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, президенттин Иш башкармалыгына кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы 30-апрелде кабарлады.

Жарлыкта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу өсүш болгону, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле тоскоол болуп жатканы айтылган. Андан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтер аныкталганы белгиленген.

Министрликтин бардык милдеттери, штаттык саны иш башкармалыкка өттү. Ички иштер министрлигин кошпогондо мамлекеттик мекемелердеги санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлардын кызматтары кыскартылат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн. 2025-жылы Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги деп кайра аталган.

Иштин баарын Каныбек Туманбаев башкарабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:53:42 0:00

“Азаттык” жакында Иш башкармалыктын иши тууралуу атайын программа даярдап, ал 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 5 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайды түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн. Журналист Тынчтык Алтымышев анда Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевдин менежерлигине төмөнкүдөй баа берген:

“Каныбек Туманбаев өзүнүн менежерлигин, чынчылдыгын, түздүгүн көрсөттү. Президент кандай ишти тапшырбасын майын чыгара аткарууда. Биринчиден, иш билги экен. Экинчиден, мыкты команданы түзө алат экен. Азыр жалаң жаш, прогрессивдүү, сырттан окуп келген, көп тил билген жигит-кыздардан куралган команда түзүп алды. “Кабыл алсамбы, албасамбы” деп ыңгыранган мурдагы аткаминерлердей болбой, алар батыл кыймылдап, иштиктүү иш алып барышат экен. Ошонун баары азыр эффект берип жатат”.

Акыркы жылдары президенттин Иш башкармалыгына бир катар мамлекеттик мекемелер менен кызматтар өттү.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары президенттин Иш башкармалыгы мамлекет башчынын ишин камсыздоо үчүн гана уюшулган. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдан тарта башкармалык президентти, өкмөттү жана парламентти да тейлей баштаган.

Беш жылда башкармалыкка “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Асман” шаарын куруучу дирекция, “Учкун” басмаканасы, “Унаа” ишканасы, “Кызмат” ишканасы, “ЭлКат” компаниясы жана башка мекемелер берилди.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG