Иштин баарын Каныбек Туманбаев башкарабы?
“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” менен “Түндүк” сервиси Министрлер кабинетинен алынып, Президенттин иш башкармалыгына өттү. Буга чейин мекемеге “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Учкун” басмаканасы, “Унаа”, “Кызмат” жана башка ишканалар да берилген. Мунун максаты эмне? Мурда мамлекеттик имараттарды жана өкмөттүк автоунааларды гана тейлеп келген орган соңку беш жылда ыйгарым укуктары өтө кеңейип, өкмөттүн жарым ишин колго алды. Кыргызстанда “кош өкмөт” түзүлүп калган жокпу? Бул эмнеге алып барат? Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин таасирдүү фигурага айланышынын сыры эмнеде? “Азаттык” ушул суроолорго жооп издеди.
Шерине