Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Камбар-Ата-1 долбоору: Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Кундузбек Сулайманов жана  Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат деген адамдардыкы деген видеодонт алынган скриншот. Коллаж
Кундузбек Сулайманов жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат деген адамдардыкы деген видеодонт алынган скриншот. Коллаж

Парламенттен бир ай мурун кеткен экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды. УКМКнын маалыматында ал "кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, айрым жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылуу аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган" деп шектелүүдө.

Буга чейин интернетте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат деген адамдардын видео сүйлөшүүсү тарап, анда Кундузбек Сулаймановдун аты аталган эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашырууда мыйзам бузуу фактылары аныкталганын билдирди. Буга байланыштуу шектүү катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов, курулушту аткаруучу уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалды. Үчөө тең атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылып, ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «НарынГЭС» ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган",-деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

УКМК экс-депутат Сулаймановду кармады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00



Мунун алдында социалдык тармактарда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат деген адамдардын аудио сүйлөшүүсү тараган. Анда "Нарбай" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү - Азирет жана Адилет Макеевдер делген эки адамдын сүйлөшүүсүндө Кундузбек Сулаймановдун аты аталганын угууга болот. Анда бир туугандар компаниянын эсебине түшкөн 5 млн каражаттын 2 миллионун Кундузбек Сулаймановго берүү үчүн алып коюу керектиги айтылат.

Бул видеону ким таратканы жана кандай жагдайда жазылганы белгисиз. Анда добушу жазылгандар чынында бир тууган Макеевдерге тиешелүүбү же жокпу деген суроо да ачык бойдон турат. Видеодо аты аталгандар өздөрү комментарий бере элек. "Азаттык" алардан жана жакындарынан комментарий ала алган жок.

Кундузбек Сулайманов атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири. Февраль айынын башында ал президент артында турган, иш башкармалык демилгелеп жаткан айдоочуларды даярдоо процессин реформалоону парламентте сынга алган. Бирок Ташиев кызматтан алынгандан кийин ал позициясын кескин өзгөртүп, президенттин демилгесин колдой турганын ачык жарыялаган. Ошентсе да ал 23-февралда өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев буларды айтты:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Кундузбек Сулайманов кайсы иштин негизинде кармалып, кандай негизде кармалганы тууралуу менин маалыматым жок. Бирок, сиз айтып жаткан адам (Кундузбек Сулайманов) электр системасына бир адамды инспектор катары алынышы керек деп айткан. Мыйзам боюнча депутаттык мандатка ээ адам коммерциялык иштерге аралаша албайт. Кундузбек Сулайманов мыйзамды бузууга жол берген адам деп билем мен. Маселен Адахан Мадумаровду жоопко тартып атканда ушу жана башка адамдар "Мадумаровду жоопко тартыш керек" деп чыгып алып айтышкан. Мына, тарых кайталаныш үчүн кыска эле убакыт кетет экен".

22-февралда Кундузбек Сулаймановдун үнүнө окшош адамдын телефон сүйлөшүүсү соцтармактарда тараган. Анда ал Электр станцияларынын мурдагы башкы директору делген Курсантбек Өмүрбековду өзү жумушка орноштурган адамды "чогулушта тилдедиң" деп жемелеп жатканын угууга болот. Бул сүйлөшүү да талкуу жаратып, интернет колдонуучулар депутаттын мындай кадамын сындаган. Бул аудиодон кийин Сулайманов социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, талаш-тартыштар күчөгөнүн, мындан улам мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын жазган.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков шектүү катары кармалган Сулайманов "75чилердин каты" тууралуу башынан билген жана президент Жапаровго каршы даярдалып жаткан иштер тууралуу кабардар болгон деп эсептеп, ал оюн мындай деп түшүндүрдү:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

"Кундузбек Сулайманов Ташиевдин кишиси болгон, ошондуктан ал адам кызматта турганда Сулаймановго тийүүгө мүмкүн эмес болчу. Депутат болуп парламентке отурган кезде бийликтин айдоочулук күбөлүк, автомектептер тууралуу өзгөртүүлөрүнө каршы чыкканы , анын "75чилердин каты" жана президентке каршы ошол кезде даярдалып жаткан импичмент тууралуу толук маалыматы бар экенинен кабар берет. Ал Ташиевге жетиштүү деңгээлде жакын болгон. Эми азыр албетте, Сулаймановдун каржылык махинациялары аны кармоого негиз болуп берди".

Учурда экс-депутаттын жакындары же адвокаты бул тууралуу комментарий бере элек. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошол окуядан кийин өлкөдө бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болуп, парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз депутат мандатын тапшырып, парламенттен кеткен.

Кундузбек Сулайманов ким?

58 жаштагы Кундузбек Сулайманов 1967-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Бишкектеги политехникалык институтунда инженер-механик адистигине ээ болгон жана Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция адистигине сырттан окуган. 1990-жылдардын башында өндүрүштүк чөйрөдө инженер болуп иштеген, кийин 20 жылча ички иштер органдарында эмгектенип, Ош шаарында жол тескөө кызматын жетектеген. Ортодо он жылдай жеке ишкер болуп, 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, 2024-жылы анын фракциясынан чыгып, “Мекенчил” депутаттык тобуна кирген.

Былтыр ноябрдагы шайлоодо Токтогул шайлоо округунан ат салышып, депутаттыкка шайланган. Ал "Мекенчил" тобунун лидери болгон. Бирок быйыл февраль айындагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин мандатын тапшырган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG