Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн, эл арасында "Шаки" деген кыска ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп жазган. Буга байланыштуу атайын кызматтын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековдун айыптаган. Абдыкеримов ошондой эле бир катар саясатчылар тууралуу да сөз кылган.
“Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 15-мартта жазган билдирүүсү социалдык тармактарга 22-мартта тарай баштады. Ишкердин жакындары билдирүү жарыяланган аккаунт Абдыкеримовдун өзүнө тиешелүү экенин ырасташты.
Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы постторун эскерүү түрүндө көркөмдөп жазып жатат жана ага "Таң аткандан күн батканга чейин - Шаршенбек Абдыкеримовдун окуясы" деген тема койгон.
Учурда Лондондо экенин, саламаттыгы начарлап кеткенин, соңку жылдар аны сынаганын айтып, агынан жарылган.
Өзүнө өзү көп суроо берген, ызаланып, таарынган учурларына токтолгон. Ал Улуттук коопсуздук комитетин, андагы мурдагы жетекчилердин бири, учурда камакта жаткан Элдар Жакыпбековду бизнесинин талкаланып жок болушуна байланыштуу айыптаган.
"Менин өлкөмдө ыңкылап болгонун беш жыл болду. Беш жылда менин жашоом аңтарылды. Бүгүн мен жаңылык уктум: бийликтеги жетекчилердин бирин иштен алып, Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында кызматкерлери менен менин компанияма, бизнесиме, мага каршы террор уюштурган Элдар Жакыпбеков камалыптыр. Бирок мен азыр алар тууралуу ойлонгон жокмун. Мен азыр өз жашоом тууралуу ойлонуп жатам. Акыркы жылдары ойлонууга көп убакыт болду. Беш жолу операция жасалды. Инсульт. Инфаркт. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда баарына башкача карай баштайсың. Мен өзүмө такай бир суроону берем: Эмнеге ушундай болуп калды? Кантип 30 жылда миңдеген адам иштеген ири бизнес куруп, кантип үч жылда анын баарын жоготуп алса болот. Бизнести, ден соолукту, үй-бүлөнү жоготуу. Лондондо соколой башым жалгыз калуу. Достор, жубайым, туугандарым, балдарымсыз жападан жалгыз калуу. Ушул үч жыл мага адамдардын чыныгы баасын көрсөттү. Мен саткынчылыкты көрдүм. Алдоо, ач көздүк. Көптөгөн жылдар бою менин жанымда жүргөн адамдар мен ооруп жаткан учурдан пайдаланып кетишти. Операциядан кийин өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда көбү мени аман калбайт, өлөт деп ойлошту. Мен жашоо үчүн күрөшүп жаткан чакта мен он жылдап курган нерселерди талап-тоноп, кыйрата башташты. Досторум, туугандарым, мен ишенген адамдар. Бирок менде мунун баарын кайра ойлонуп чыкканга убакыт болду. Мен бүгүн өз таржымалымды айтып берейин деп чечтим", - деп баштаган Абдыкеримов.
УКМК былтыр сентябрда Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген. Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган. Өткөрүлгөн мүлктүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон ашык акчага бааланган “АЮ Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар болгон.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.
"Райымды токтотконго аракет кылдым..."
Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган окуялар тууралуу ой-санаасы менен бөлүшкөн. Коррупциялык иштерде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго саясатка барбоо тууралуу кеңеш дагы бергенин белгилеген.
"Мен телевизордон Садыр Жапаровдун эски аянтта митингчилердин алдына чыгып алып сүйлөп жатканын көрдүм. Аянт жык-жыйма болчу. Чыңалууну ал тургай телевизор аркылуу дагы сезбей коюу мүмкүн эмес болуп турган. Ал (Садыр Жапаров - ред) "Райым камалат, Райым миллион камалат!" деп кыйкырып жатты. Чогулган эл толкуй түштү. Чогулгандар эзелтен бери күтүп жүргөн сөздү уккандай эле толкуду. Бул ач кыйкырыкта чарчоо, жинденүү жана акыйкаттыкты күтүү бар эле. Ошол маалда мен Райымбек Матраимов менен соңку жолугушуубузду эстедим. Ал менин кошунам. Биз бир шаарчада жашайбыз. Ошол күнү баары ойдогудай эле. Жай айы болчу. Ал үйүнө келген, мен короодо элем. Бирок биз турмуш-тиричиликти сүйлөшкөн эмемпиз. Мен ал "Мекеним Кыргызстан" деген партия түзүп жатканын билет элем. Мен аны токтотуу керектигин түшүнүп тургам. Анткени эки жүйөм бар эле. Биринчиси - ал менин катамды кайталашын каалаган эмесмин. Экинчиси - ал менин эң күчтүү атаандашым эле. Райым Матраимов аябай бай жанга таасирлүү эле. Ага "Райым миллион" деген каймана ат бекеринен берилген эмес да. Мен керек учурда өтө көп сүйлөйм. Мен баарын жашоо аркылуу түшүндүрөм. Эгер жол көрсөтүү керек болсо мен аны Ат-Башыдан баштап Бишкекке чейин жеткирип кое алам. Мен ошол күнү ток этер жеринен баштадым. Мен ага 2010-жылы саясатка келгениме өкүнөм дедим. Мени ошондо Өмүрбек Бабанов көндүргөн, ошондо ал "Республика" партиясын түзгөн. Мен анын кеңсесине келгем. Ал жакта Канат Исаев жана башкалар отуруптур. Телевизордон ошол маалда ыңкылапта набыт болгондорду жерге берүү зыйнаты көрсөтүлүп жаткан эле. Темир Сариев жана башка саясатчылар чыгып сүйлөшкөн. Кырдаал оор эле. Бабанов ишенимдүү сүйлөп жатты. Ал ынандырганды билчү. Ал система өзгөрүп жатканын, парламент күчтүү болорун, бийликке барып өлкөнү көтөрүү керектигин айтты. Ал схемалар тууралуу сөз кылган эмес, ал экономиканы жана келечекти айткан. Мен ага жайбаракат жооп бердим. Казакстанда он жыл иштегенимди, Назарбаев (тунгуч казак президенти - ред) ишкерлерге саясатка аралашпагыла деп эскертип келгенин айтып бердим. Өлкөгө жардам бергиң келсе мектеп, жол, бала бакча сал, спорт аянтчаларын кур, бирок саясатка аралашпа. Мен ал жакка баргым келбейт дедим, чечен эместигимди, бул системаны түшүнбөсүмдү, өз ишим менен алектенгим келерин айттым. Бирок жашоо башка нук менен кетти", - деп жазган Абдыкеримов.
Анын билдирүүлөрүнүн алдына "Аю холдинг" компаниясынын жетекчисинин мурдагы орун басары, экс-депутат Балбак Түлөбаев комментарий жазган.
"Мен ошол убакта Ысык-Көлдө губернатор элем. Көл тынчып, мен арызымды жазып Бишкекке келгем. Бирок президентибиз арызымды кабыл албай кайра көлгө жиберген. Сизге жолугуп, раматылык Сабаев менен "Аю холдинг" жана Бишкек мэриясындагы балдар менен координациялап, шаарды кайтарганбыз. Түнү менен шаарды кайтарып, "Аюунун" региондогу чарбаларын да караганбыз. Таң атпай кайра көлгө кеттим. Убакыт тараза, убакыт дары. Ким кандай, ким эмне болот, тарых көргөзөт экен. Эң негизгиси сизге ден соолук", - деп жазган Түлөбаев.
Абдыкеримов 2010-жылдан кийин саясатка аралашып, ошол жылы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан кийин өзү "Кыргызстан" партиясын негиздеп, 2015-жылкы шайлоого катышкан. Абдыкеримов билдирүүлөрүндө "Республика" партиясын каржылап, жарнама-үгүт материалдарынын баарын каржылаганын саймердиреген.
Бул учурда бийликчил позицияны ээлеген партия парламентте таасирдүү топко айланган эле. Абдыкеримов өзү да бийлик түзүмдөрүнө жакын болуп, Улуттук Олимпиада комитетин башкарган. Ошол маалда эле анын "Салимбай байбача" деген ат менен таанымал өзбекстандык кримтөбөл менен алака-катышы тууралуу маалыматтар чыккан.
"Саясатта же сени коргошот, же жалгыз каласың"
Ишкер Фейсбуктагы билдирүүлөрүндө 2010-жылдан кийинки ага жасалган басым тууралуу сөз кылган. Ошол кездеги ички иштер министринин орун басары болуп турган Кубанычбек Кадыров андан акча талап кылганын жазган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев менен мамилесин сууткан жагдайга токтолгон.
"Текшерүүлөр, басым-кысым жабуулар башталды. Ички иштер министринин орун басары Кубан Кадыров менден бир миллион доллар талап кыла баштады. Мен Алмазбек Атамбаевге бардым, ага мен Кадыровду студенттик кезден бери эле билеримди, ал ОБХСС убагында эле пара алып жүргөнүн, өзүнө эмес, шефине деп айтып келгенин түз эле айттым. Атамбаев мени карап, азыр шеф өзү экенин айтты. Баарын териштирерин кошумчалады. Анан саясатка аралашпай, бизнесиңди кыл деди. Бирок саясатта бардык нерселер тез эле, сен чечим кабыл алгыча эле болуп кетет да. Ошол күнү кечинде мени Темир Сариев чакырды. Биз анын үйүнө бардык, бешбармак жедик, сүйлөшүп отурдук. Анан ал мени өзүнүн "Ак шумкар" партиясына чакыра баштады. Мен андан эмнеге мени Кадыровдон сактап калган жоксуз деп сурадым. Ал болсо жайбаракат эле сактап кала алмактыгын, бирок ал лобби катары кабыл алынышын каалабаганын айтты. Так ошол маалда мен жөнөкөй эле бир нерсени түшүндүм: саясатта же сени коргошот, же жалгыз каласың. Ошондо ал менден партиянын курултайын өткөрүүгө жардам берүүмдү, суу камдоого, банкет өткөрүүгө, эки бука союп берүүмдү суранды. Мен маселе жоктугун айттым. Бирок ал партияны каржылап бер дегенде мен андан баш тарттым".
"Азаттык" Абыкеримовдун жазгандарында аты аталган саясатчылардан комментарий алууга аракет кылды. Айрымдары менен бул макала жазылып жаткан чакта байланыша алган жок, кээ бири сүйлөгүсү келбегенин билдирди.
Абдыкеримов "Кыргызстан" партиясынын тизмесин кантип кирип калган учурду да эстеген.
"Кийинки күнү мени кошунам Феликс Кулов чакырды, аныкында Акылбек Жапаров отуруптур. Экөө тең мени алардын партиясына кошулууга көндүрө башташты. Мен Атамбаевге саясатка келбейм деп сөз бергенимди айттым. Алар жок дегенде адамдарды беришимди сунушташты. Мен болсо эгер адамдарды берсем анда катышуу жана каржылоо болуп каларын, мен ага барбасымды айттым. Акылбек Жапаров болсо эгер азыр каралашсам аны кийин тендерлер аркылуу аны чыгарып алсам болорун ачык айтты. Мага бул жагымсыз болду. Башымда революция анда эмне үчүн болду, адамдар эмнеге өлдү деген гана жалгыз ой турду. Ошол эле күнү кечинде Ысык-Көлгө кетип калдым. Мен Ат-Башыда чоңойгом, ысыкты жаман көрөм. Бирок эң башкысы эч ким менен жолуккум, эч нерсени түшүндүргүм келген жок. Андан кийинки күнү мага Талант Бокешов чалды. Ал Кубан Кадыровду "Ак шумкар" партиясынын тизмесиндеги алгачкы 20 адамдын катарына кошушканын айтты. Ошол эле учурда Атамбаев аны иштен алганын билдим. Мага бул оор тийди. Мен дароо Канат Исаевге чалып, мени партиянын тизмесине мага демектен 70-кылып болсо дагы кошууну айттым. Мен ошол маалда жиндеп тургам. Саясатка аралашпайм деген сөзүм эстен чыгыптыр. Келсем мени партиянын тизмесине 58-кылып кошуп коюшкан экен".
Мурдагы депутат Феликс Кулов "Азаттыкка" комментарий берип жатып жакын тааныш болбогонун айтты.
"Мен аны депутат болгон учуранан бери билем. Анын ишине байланыштуу темадан алысмын. Конкреттүү эч нерсе билбейм. Азыр байкуштун ден-соолугу начар экен. Анын эмнеси мамлекетке алынды, туура болдубу, туура эмес болдубу, мен эч нерсе билбейт экем".
"Жаныш жана Максим Бакиевдер менен тааныштырып коем"
Абдыкеримов Нариман Түлеев менен мамилеси, ал аркылуу дагы башка саясатчылар менен таанышканын айтып берген.
"2005-жылдан баштап баары өзгөрдү. Биздин өлкөбүз кичинекей, баары бат эле билинип калат. Мен ал (Түлеев - ред) Курманбек Бакиевге жакын экенин билип калдым. Аялым аркылуу анын телефонун алдым, ага чалдым. Ал мени кеңсесине чакырды. Барып болгонун болгондой, үч айдан бери текшерүү жүрүп жатканын, басым-кысым болгонун айтып бердим. Жаңы бийлик мени Темир Сариев жана Мелис Эшимканов менен байланыштырып жатканын айтып бердим. Мен ал экөөнүн ТАН заводунда үлүш бар экенин, бирок "Аю" компаниясында эч кандай үлүшү жоктугун, мага коргоо керектигин, төлөп береримди айттым. Ал мени карап "мага акчанын кереги жок, сени Жаныш жана Максим Бакиевдер менен тааныштырып коем" деди. Ошондо мен биринчи жолу акчадан дагы күчтүү нерселер бар экенин түшүндүм. 2010-жылы ыңкылаптан кийин Москвада Нариман Түлеев мени Алтынбек Сулайманов менен тааныштырды. 9-май болчу, мен "Метрополдо" жашап, парад көрүп жаткам. Ал мени Эркин Шайдинов аркылуу тапкан экен. Биз ресторанда жолуктук, ал жерде Игорь Чудинов, Исхак Масалиев, Бакыт Сыдыков жана Түлеевдин өзү отурган экен. Алтынбек Сулайманов кийинчерек келди. Ал гипсчен экен. Түлеев мени "сен Москвада туруп, мага чалып койгонго жарабайсың, мына Алтынбек гипсчен Бишкектен бери келди" деп тамашалады. Алар менен ошентип Түлеев аркылуу тааныштым. Кийинчерек Алтынбек Сулаймановго акча керек экен дешкенинен мен 300 миң доллар бердим. Анткени бул ал тууралуу эмес эле. Бул мени качандыр бир кезде мени мен кылган жорук эле".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Москвада бул жолугушуу болгонун бышыктады.
"Эсимде бар, менимче 12-майда Москвага барганда ошондой болгон. Түлеев тааныштырса тааныштыргандыр. Эмне болуптур? Мен аны 2009, 2010-жылдардан бери жакшы тааныйм. Жакшы ишкер. Бирок анын абалы катуу болду. Муну чындап эле кысып, баарын кустуруп алышты. Мен анын өзүн көп жылдан бери көрө элекмин. Бирок балдардан, тааныштардан ал тууралуу сурап жатам. Ал азыр аябай кыйын абалда. "
Абдыкеримов “АЮ Холдинг” компаниясын мындан 20 жылдан ашык убакыт мурда негиздеген. Курамында 30дай ар түрдүү багытта иштеген “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башка компаниялар болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкерине өкүм чыгарган. УКМК ошол жылы “АЮ Холдинг” ишканасынын мурдагы президенти Бактыбек Өмүракунов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен кармалганын билдирген. Атайын кызмат ал Өзбекстанда бизнес кылуу үчүн өзбекстандык кримтөбөл, “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиев менен байланыш түзгөнү аныкталганын кабарлаган. Бул иш тууралуу кийин маалымат берилген эмес.
Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, издөө жарыяланган жана ал ушул кезге чейин эч кандай комментарий бербей келген.
Абдыкеримов соңку постунда Матраимов тууралуу темага кайра кайрылган. Ал убагында берген кеңешине кулак салбай койгонун, акчадан дагы маанилүү нерселер бар экенине ынанганын жазган.
"Мен Райымга "жашоодо баары кайтып келет, бирок акча менен эмес жорук менен кайтып келет" дегем. Мен ага буга чейин баарын туура кылып келгенин, партияларды каржылап, өзү көмүскөдө болуп туура кылып келгенин айткан. Агасы КСДП партиясынын тизмеси менен шайланып келген, анын адамдары башка партиялардын тизмелери аркылуу келген. Алтургай ал "Кыргызстан" партиясын каржылаган. Мен андан "өзүң эмнеге алдыга чыккың келип жатат" деп сурадым. Мен ага менин катамды кайталабашын айттым. Ал мени үндөбөстөн укту. Бирок ал өз билгенин кылды. Мына мен азыр да экранды карап отурам. Садыр Жапаров аянтта, анын "Райым миллион камалат" деген үнү угулуп жатат. Чогулгандар жооп берип жатат. Мен дагы эл баарын көрүп-билерин түшүнүп турам. Эл баарын түшүнөт. Бир убакта мен өзүмө "ошон үчүн мен Райымды токтотконго аракет кылдым" деп акырын шыбырадым. Бирок баары кеч эле".
Шаршенбек Абдыкеримов ушул билдирүүсүнөн кийин дагы улантып жаза элек.
"Азаттык" ага мессенжер аркылуу кайрылып, интервью бере алар-албасын сурады жана жообун күтүп жатат.
Талдоочу Турат Акимов ишкердин билдирүүлөрүн өз чындыгын айтып калуу аракети катары баалады.
"Мен аны менен тааныш болгон эмесмин. Сыртынан эле угуп-билип жүрчүмүн. Азыр ооруп жүрсө акыйкатты айтып коеюн деп чечкен окшойт. Саясат негизи көмүскө иш да. Көп нерсе ачык айтылбайт. Керез катары пикиримди айтып калайын деген го. Анын тартып алчуларынын баарын тартып алышты. Эгерде ошол мүлкүнүн баарын кайра алам деген оюу болсо анда Садыр Жапаровго түз кайрылып, прокуратурага кайрылып, "Ташиев кыйнады" деп айтмак да. Ал болсо жалпы нерселерди айтып жатпайбы. Саясаттын канчалык кир, ыпластыгын айтып, көзү ачылганын жазып жатат. Мисалы журналисттер тубаса эле акыйкаттыкты кубалап жүрө берет да. Ишкерлер болсо көп учурда ошол системага ыраазы болуп эле жашай берет. Анан баштарына иш түшкөндө гана акыйкаттыкты айтып баштайт".
"Азаттык" 2015-жылы Июнь коогасын уюштургандардын бири деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Иномжан Абдурасуловдун бир да мүлкү конфискацияланбаганын, анын баары "АЮ Холдингге" табышмактуу жагдайда өтүп кеткенин иликтеп чыккан.
Ошол кезде аталган фирманын вице-президенти болуп турган Балбак Түлөбаев Абдурасуловдор менен 2007-жылдан бери эле бизнес өнөктөш болгонун, 2010-жылы алардын "Эргеш-Ата" ишканасынын карызы менен сатып алганын ырастаган. Ал ошондой эле 2010-жылдан кийин Жалал-Абадда Июнь коогасында колдонулган "Санпа" пахта заводун да сатып алышканын бышыктаган.
Ишкер Абдыкеримав Фейсбуктагы баракчасына бул окуялар тууралуу жазган эмес.
Шерине