Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

"Түндүк" да Президенттин иш башкармасына өттү. Суроо жараткан реформа

"Түндүк" санарип платформасы.
"Түндүк" санарип платформасы.

“Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармасына өттү. “Түндүк” - Кыргызстандын мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү үчүн түзүлгөн улуттук санарип платформасы.

“Түндүк” тиркемеси аркылуу адамдар документтерди алмаштыруу, жашаган дарегин которуу, ооруканага жазылуу, автоунааны кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу сыяктуу кызматтарды колдоно алат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы 31-мартта расмий жарыяланды, 9-апрелден тартып күчүнө кирет.

Жарлыкта Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциялары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин администрациясына өткөрүлөрү жана бул "Түндүк" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы белгиленген. Коомдун мүлкү да Президенттин иш башкармасына берилет.

Өкмөткө жакын булактардын ырасташынча, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу концепцияларында “Түндүк” ишканасын реформалоо боюнча да сунуштар болгону менен аны Иш башкармасынын колуна берүү идеясы көтөрүлгөн эмес. Ал боюнча чечим саясий негизде кабыл алынды.

Президенттин иш башкармасы өз жобосуна ылайык, президенттин, Министрлер кабинетинин төрагасынын, Президенттик администрациянын ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук жана медициналык жактан камсыздап турушу керек. Бирок соңку үч жылдан бери, тагыраагы, башкарма жетекчилигине Каныбек Туманбаев келген 2022-жылдан бери анын функциясы кеңейип, мекемеге баш ийген ишканалардын саны да көбөйө баштаган.

Президенттин иш башкармасынын сайтындагы маалыматта жазылгандай, учурда ага Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү, Оштогу жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялар, “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс” мекемеси, “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”, “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы, “Учкун” басмаканасы жана башка бир типография карайт.

Мындан сырткары Ысык-Көл жээгинде курууну көздөгөн "Асман" шаары сыяктуу долбоорлорго да жооптуу болуп, соңку учурда талкууга түшкөн автомектептерди реформалоо иши да президенттин иш башкаруусуна түшкөн.

Былтыр Президенттин иш башкармасынын 30 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында өткөн салтанатта президент Садыр Жапаров мекеме саясаттан тыш иш жүргүзүп жатканын белгилеп, ага кошумча иш тапшыруунун себебин түшүндүргөн:

“Бүгүнкү күндө бийлик бутактары өз-өзүнчө иш алпарганы менен, бир мүдөөнү көздөп элибиздин бакубаттуулугун камсыз кылууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коом курууга багытталган реформаларды жүргүзүү аракетинде экенин жакшы билесиздер. Бул, өз кезегинде, биздин ишибизге кошумча талаптарды белгилеп, алдыбызга жаңы максаттарды жана жаңы милдеттерди коюп келет. Мындан улам, буга чейин Президенттин администрациясы менен кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуу максатында өз-өзүнчө иш алпарып келген эки иш башкармалыкты бириктирүү менен көп тармактуу чоң уюмга айландыруу чечимин кабыл алганбыз. Жоопкерчиликти мойнубузга алган соң айрым түзүмдөрдү Иш башкармасынын карамагына алуунун өзү дагы логикага туура келди. Тагыраак айтканда, ортодогу ортомчуларды четтетип, түз иштешүү маселеси колго алынды, натыйжасын жалпы элибиз көрүп атат”.

Бирок "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүшү бул түзүмдүн дарегине сын-пикир күчөгөн учурга туш келди. Тагыраагы, Иш башкармасы соңку кездери айдоочулук күбөлүктөрдү, паспортторду жана улуттук валюта сомду “Учкун” басмаканасынан басып чыгаруу менен алектенип келет. Аталган документтердин алгачкы партиялары жарыкка чыгып, элге таратылып да жатат.

Жаңы чыгарылган айдоочулук күбөлүктүн мурдагы күбөлүк менен өңү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң.

Башкармалыктын акыркы долбоору эл аралык стандарттарга шайкеш болбой калып олуттуу көйгөй жаратып жатканын парламент депутаттары өз жыйынында көтөрдү.

Депутат Нуржамал Төрөбекова ага Европада оор жүк ташыган автоунаа айдаган жана башка транспорт тармагында иштеген кыргызстандыктар кайрылып, айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыргандан кийин маселе болуп жатканын айтышканын билдирди.

“Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн соңку версиясы Вена конвенциясынын 6-тиркемесинин 4-пунктуна туура келбейт. Силер каалайсыңарбы-жокпу, канча шылтоо айтпагыла – бул факты. Бул фактыны канчалык эрте моюндасаңар, бул көйгөйдү ошончолук батыраак чечебиз. Келечекте чет өлкөдөгү жарандарыбызда маселе жаралчу болсо, аягы жаман болот”, - деди парламент төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов.

31-мартта мамлекеттик мекемелер басма сөз жыйынын өткөрүп, бул маселе боюнча түшүндүрмө берген.

Президенттин иш башкармасынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов Кыргызстан жаңы күбөлүктү басып чыгарардан мурун дүйнөлүк стандарт талап кылган бардык техникалык талаптарды сактаганын, ал бардык мамлекетте таанылышы керектигин айтты.

"Учкун" ишканасы чыгарган жаңы айдоочулук күбөлүк эл аралык ИКАО талаптарына жана ISO 7810 стандарттарына жооп берерин директору Бакыт Султанов 31-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

"Жаңы технологияларды колдонуу менен чыгарып жатабыз. Мындай коопсуздук элементтери көп өлкөлөрдө жок. Бул аларды жасалмалоо мүмкүн эместигин камсыз кылуу үчүн жасалууда. Мындай инновацияны президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев киргизди".

Султанов белгилегендей, айдоочулук күбөлүк жети катмардан турган ар кандай материалдардан жасалат жана ал 34 коопсуздук элементине ээ.

"Бийлик бир тырмоокту кайра-кайра басып жатат"

Табиятында иш башкармалык президенттин жана Жогорку Кеңештин ишмердигин чарбалык жактан тейлөө вазыйпасын гана аткарат. Ошого байланыштуу болгон айрым мамлекеттик чарбалык ишканалардын башын бириктириши мүмкүн.

Арийне, соңку 2-3 жылдан бери мамлекеттик деңгээлдеги бир катар ири мекемелер Иш башкармалыктын карамагына өтүп келет. Алардын арасында өлкө боюнча миңдеген батирлерди курган Мамлекеттик ипотекалык компания, транспорт каражаттарын каттаган “Унаа” мамлекеттик ишканасы, паспорт, айдоочулук күбөлүк, улуттук валюта өңдүү стратегиялык документтерди басып чыгарган “Учкун” типографиясы, жарандарга документ берүү боюнча тейлөө борборлорунун башын бириктирген “Кызмат” мамлекеттик ишканасы, интернет-трафикти тейлеген “ЭлКат” компаниясы жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү тейлеген “Дипсервис” өңдүү бараандуу ишканалар бар. Булардан башка да бир катар өндүрүштүк ишканалар өкмөттөн тарта ар кайсы министрликтен Иш башкармалыктын колуна өткөн.

Президенттин Иш башкармасына ондогон мамлекеттик мекемелер өтүп, ири долбоорлордун баарын өзүнө алганы коомдо сын-пикир жаратууда.

Саясат талдоочу Тилек Токтогазиев УКМКнын жакынкы тарыхы көрсөткөндөй, табияты туура келбеген башка органдардын функцияларын өзүнө ыйгарып алып, жеке бир адамдын таасири менен бүтүндөй бир мекемени эбегейсиз күчкө айлантуу өкмөттүн ишин татаалдатарын айтат. Ташиевге байланган система, ал УКМКдан кетери менен талкаланып калганын эске салат:

“Азыр деле так ошондой система болуп атат. Каныбек Туманбаевдин таасири күчөгөн сайын ага функционалдык дагы кошумча күчтү берип коюп атат. Бирок, эртең эле Каныбек Туманбаев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп кетсе, анда эмне болуп калат? Анда бул жакта кайра эле жеке таасири азыраак башка адам келип калса, бирок ошондой чоң монстрды ага өткөрүп береби? Менин оюмча, аны ага өткөрүп бербей калат. Демек, система адамдардын функцияларын аныктабай, адамдар системанын функциясын аныктап атат. Азыркы учурдагы эң чоң ката ушул деп ойлойм”.

Эксперт азыркы президенттик башкаруу системасында көп учурда баланс бузулгандыктан анын администрациясы көзөмөлсүз калып аткандай сезилип жатканын, анткени, адамдык факторлор көбүрөөк иштеп кеткенин белгилейт. Ошондой эле, бийлик башындагылар ушунун баарын терең талдап, бийликтин бири-бирин тизгиндөө жана тең салмактоо принцибин бекем сактоого кызыкдар болушу керек деп эсептейт.

Кыргыз өкмөтүнүн өлкөнү электрондук башкарууну жана санариптештирүүнү киргизүү жаатындагы иш-аракеттери менен “Түндүк” системасы түзүлгөн. Бул жаатта 2016-жылдан бери бир катар чечимдер кабыл алынган.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин курамында турганда “Түндүк” мамлекеттик ишкана катары иштеген. 2025-жылы анын базасында ачык акционердик коом болуп өзгөргөн.

“Түндүк” акционердик коому – Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана ылдамдатуу үчүн түзүлгөн улуттук санарип платформасы. Компания бир нече мамлекеттик мекемелердин милдетин бириктирип, өлкөнүн маанилүү тармактарын санариптештирүүгө жооптуу болуп саналат.

Акционердик коомго “Түндүк” системасынан тышкары Агартуу министрлигинин алдындагы “Санарип билим берүү борбору”, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору”, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы “Электрондук саламаттык сактоо борбору” жана Жогорку соттун Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемеси кирген.

Президенттин иш башкарма башчысы Каныбек Туманбаев былтыр 25-мартта Бишкекте өткөргөн брифингде иш башкармалыктын кадыры артып баратканы тууралуу суроого жооп берүүдөн карманган. Ал аткаруу бийлигиндеги бардык иштерди президент өзү түз башкарып жаткандыгын кошумчалап, айрым функциялардын башкармалыкка өткөрүлүп жатканын саясатташтырбоого чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG