Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:22

"База жабылып, ишибиз токтоп калды". Автомектептердин нааразылыгы

Кыргызстандагы жеке менчик автомектептердин ээлери бийликке кайрылуу жолдоду.
Кыргызстандагы жеке менчик автомектептердин ээлери бийликке кайрылуу жолдоду.

Кыргызстандагы жеке менчик автомектептердин жетекчилери 27-январда экинчи күн катары менен “Унаа” мекемесине барышты. Алар айдоочуларды окуткан база жабылып, иши толугу менен токтоп калганына нааразы.

Мамлекеттик мекеме жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жеке менчик автомектептерди айыптап, мындан улам талаптарды күчөтүү үчүн реформа башталганын кабарлады. Автомектептерди мамлекетке өткөрүп, окутуунун мөөнөтүн узартуу көйгөйдү чечеби?

Кыргызстандагы жеке менчик автомектептердин иши токтоп калды. Буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону негиз болду. Мекеменин автоматташтырылган маалыматтык системасы 23-январда жабылган. Мындан улам жеке менчик автомектептердин өкүлдөрү 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылышты.

Алар база жабылып калганы үчүн жаңы курсанттарды кабыл ала албай жатышканын, мунун айынан 350дөй автомектепте 5-6 миң киши жумушсуз калганын айтып нааразы болушууда.

“Мисалы, миңдеген мигранттарыбыз Орусияда, АКШда айдоочу болуп иштеп жүрүшөт. Таксиден баштап чоң трактарга чейин айдашат. Ошолор боюнча “кыргызстандыктар келип жол кырсыгы көбөйдү” же “эрежелерди көп бузуп жатышат” деген доомат жок да. Эмесе Орусияда биздин күбөлүк менен эле унаа башкарып жатышпайбы. Биз айдоочулук күбөлүк бербейбиз, биз окутабыз. Анан эмнеге бизди күнөөлөп жатат, билбейм”, - деди жеке менчик автомектептин жетекчиси Элзада Канаева.

Автомектептерге байланыштуу маселе президенттин иш башкармалыгынын бул тармакты реформалоо аракетинен улам башталган. Ага ылайык, В категориядагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн окутууну 10 айга көбөйтүп, жеке менчик автомектептер жоюлуп, ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт. Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. Окуунун баасы расмий айтылбаганы менен автомектеп ээлери “Ынтымак Ордодогу” жолугушууда В категориясы үчүн төлөм 70 миң сомго чейин көбөйтүлөрү айтылган деп жатышат.

"В категориянын мөөнөтү 10 ай, акысы 70 миң сом болот деп жатышат. Бул теориянын эле акысы. 50-70 саат практика болот деп жатышпайбы. Адатта бир сааттык унаа айдоо миң сомдон айланат. Ошондо 70 саатка 70 миң сом болот дагы, теория менен практика биригип 140 миң сомго чыгып кетип жатпайбы. Бул карапайым элдин чөнтөгүнө оор келе турган сумма. Бүгүнкү күндө 15-20 миң сомго окуп келаткан шарт ыңгайлуу болчу", - деди дагы бир автомектептин башчысы Медербек Тагайбек уулу.

Автомектеп ээлери алардын лицензиясы соттун чечими менен гана алынарын эске салып, чечим мыйзамсыз болгонун айтышты.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору айдоочуларды даярдоо үчүн жаңы окуу программасы киргизилерин, база да ошол себептүү чектөөгө алынганын түшүндүрүүдө.

Автомектептин ээлери ушул эле талап менен бир күн мурда да чогулган. Көп өтпөй президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбук аркылуу билдирүү жасап, жол кырсыктарынын көбөйүп жатышына жеке менчик автомектептерди күнөөлөгөн. Ал реформалар тууралуу автомектептердин ээлерине алдын ала маалымат берилгенин айтты:

“Реформалар бирөөнү четке кагуу үчүн эмес, системаны тазалоо үчүн жүргүзүлүүдө. Татыктуу автомектептердин мугалимдери жана адистери мамлекеттик окутуу системасына тартылат. Алар мамлекет үчүн иштеп, өз тажрыйбасын элдин коопсуздугу үчүн жумшай алышат. Ушул максатта унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасын толугу менен реформалоо иштери башталды. Бул реформанын эң маанилүү бөлүгү айдоочуларды окутуу системасы. Мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутат. 2026-жылдын февраль айынын орто ченинен тартып жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык жаңы окутуу планы менен заявкалар кабыл алына баштайт”.

Президент Жапаров 2024-жылы “Унаа” ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу айтып чыккандан кийин бул тармакты реформалоо боюнча иштер башталып, талаптар катаалдаган. Былтыр октябрдан тартып автомектептерге лицензия берүүгө 2028-жылга чейин мораторий киргизилди. Реформанын кийинки этабы окутуунун мөөнөтүн көбөйтүү жана мамлекеттик мекемелер гана окутат деген талап болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза маселе парламентте да көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Буга чейин депутаттар да көтөрүп чыгышты. Дүйнөлүк практикада автомектептер он ай окутат деген жок дешти. Бул канчалык туура же туура эмес экенин айта албайбыз. Мүмкүн он айлык окутуу жол кырсыгын азайтаттыр. Бул жагын да эске алуу керек”.

Автомектептердин тегерегиндеги өзгөрүүлөр коомчулукта кызуу талкууга түшүп, демилгени сынга алгандар да бар. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айдоочуларды даярдоону мамлекет өз монополиясына алганын айыптап, курсанттардан сынак алуу жол-жобосун жакшыртуу керек деген пикирде:

"Айдоочулук күбөлүктү (праваны) ал мектептер бербейт да, сата да албайт. Алар окутат, даярдайт. Күбөлүктү мамлекет берет. "Иттин өлүгү" мына ушул жерде көмүлгөн. Экзамен алууну тартипке салуу, күбөлүк берүү процессин катуу көзөмөлгө коюу эле жетиштүү болмок. Окутуу-үйрөтүү стандартын бекитип, мамлекеттик жана жеке автомектептер бир программа менен окутуусун талап кылуу, ал мектептердин ишине курсанттардын экзамен тапшыруусунун жыйынтыктары менен баа берүү, ишинде кемчилиги көп, экзаменден өтпөй калган курсанттары көп мектептер жазалануусу, ал түгүл жабылуусу зарыл. Мамлекет баары-жоктун бардыгын өзүнө ала бергени натуура."

Жеке менчик автомектептердин ээлери былтыр декабрда да өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, реформанын алкагында окуунун мөөнөтүн узартууну сентябрга жылдырууну өтүнүшкөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG