27-январда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (“Унаа” ишканасы) барып, бийлик айтып жаткан реформа боюнча түшүндүрмө талап кылган ондогон ишкердин бири Медербек Тагайбек уулун Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаганы 2-февралда белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы 30-январда каралып, бир айга камакка алынды.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Тагайбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча кылмыш ишин козгоду.
“Айдоочуларды даярдоо борбору” деп аталган менчик автомектептин ээси Медербек Тагайбек уулу буга чейин мамлекеттик органдардан түшүндүрмө талап кылган видеолор социалдык тармактарга тараган.
"Лицензиябызды токтотууга үч айлык мөөнөт берилиши керек. Үч ай ичинде мен сунушталып жаткан 10 айлык менен иштеймби же иштебеймби, балким, мектебимди жаап, жүктөп кетемби, чечим кабыл алышым керек. Мен азыр кол астымдагы кызматкерлерге эмне дейм, имараттын ижара акысын кандай кылам?"- деген 27-январда "Унаага" барганда Медербек Тагайбек уулу.
Менчик автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев бул адамдын камалышын сынга алып, эркин пикир айтууга ар кимдин укугу бар экенин белгилеп, мамлекеттик органдардан түшүндүрмө талап кылганы үчүн эч бир жаран кысымга кабылбашы керектигин айтууда:
"Менчик автомектептердин лицензиясы токтоп калгандыктан аргасыздан чыгып, бул маселе элге тарап жатпайбы. Менимче, бул жерде, биринчиден, жетиштүү, толук маалымат болгон эмес. Негизинен түздөн-түз тиешеси бар мектеп ээлерине маалымат толук жеткен эмес. Экинчиден, бул кабардын артынан калың элдин арасында толтура нааразылык айтылып жатат. Бул реформага сын-пикир өтө көп. Мындай кескин өзгөрүүлөргө эмне себеп болду, эмне негиз бар деген суроолорго дээрлик жооп жок. Биз байкадык, президенттин өзүнөн да суранышкан окшойт, ал киши да иш башкармалыктын ишин жактап, коргоп бергендей түр калтырды. Аларды туура түшүнүш керек. Алар ойноп чыгып жаткан жок, кылган ишин, салган каражатын жоготкусу келген жок. Менин байкашымча, алар “кетсин” же башка чакырыктарды айткан жок, маалымат гана талап кылып жатышты".
"Унаага" баргандардын арасынан ачык сүйлөп, социалдык тармактар аркылуу видео жарыялап турган, кийин камакка алынганы белгилүү болгон Медербек Тагайбек уулунун жакындары же жактоочулары азырынча маалымат бере элек.
Бишкек шаардык милициясы анын социалдык тармактардагы жана интернет сайттардагы билдирүүлөрү бийлик органдарын жаманатты кылууга жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталганы аныктаганын билдирди.
Юрист Нурбек Токтакунов милиция кеп кайсы чакырыктар тууралуу болуп жатканын коомчулукка ачык жарыялашы керек деген пикирде:
"Буга чейин саясатчыларды, жарандык активисттерди, журналисттерди камап жатканда көпчүлүк “туура кылып жатат” деп колдоп же унчукпай калып жатышкан. Эми ишкерлерге да жетти. Ири ишкерлерди камап жатканда баары туура деп айтып жатышты. Мисалы, Киев көчөсүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылган батирлер боюнча прокуратура сотко кайрылды. Менимче, эми жөнөкөй жарандарга да жетти окшойт. Мындай иштер болгондо жактоочулар да унчукпай калып жатышат, коркутуп коёт окшойт. Кайсы сөзү үчүн башаламандыкка чакырып жатат? Мен азыр так билбейм".
Тагайбек уулунан сырткары дагы бир менчик автомектептин жетекчисине кылмыш иши козголгонун Биринчи Май райондук соту “Азаттыкка” ырастады. Ал үй камагына чыгарылыптыр. Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү (“Документтерди жасалмалоо”) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.
ИИМдин тергөөчүсү шектүүнү камакка алууну өтүнгөн, бирок сот өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Министрлик кармалгандар боюнча кенен маалымат бере элек.
Ал тапта президент Садыр Жапаров 3-февралда “Унаа” мекемесине барып, чогулгандар менен жолукту. Мамлекет башчы өлкөдө айдоочуларды даярдоо шартка жооп бербей келгенин, жол кырсыктарын азайтуу үчүн өкмөт бул тармакты өз колуна алууну чечкенин билдирди.
"275 менчик мектеп бар экен. Силер да ошол жактан окуп келдиңер да. Жакшы окутпайт, билебиз аны. Эгер адам өзү жакшы ниет кылып окуган болсо, бир эле жолу же үч-төрт жолу келип экзамен тапшырып өтүп жатасыңар. 20 жолу экзамен тапшырып өтпөй калгандар бар. Ошондой тааныштарыңар барбы? Мурунку заман болгондо беш-алты жолудан кийин акча алып өткөрүп жибермек. Мына, азыр көрдүңөр, жасалма интеллект өткөрбөйт. Биз эмнеге мындай кылып жатабыз? Бир-эки күн менен жашабашыбыз керек. Келечек муун үчүн ыңгайлуу, коопсуз, адилеттүү, калыс өлкөдө жашашыбыз керек".
Президент айдоочулукка окутуунун мөөнөтү 10 айга созулганы туура экенин белгилеп, бул тармакты тейлеген жетекчилер реформа тууралуу элге толук маалымат бере албаганын белгиледи.
Ал жарандарды “менчик автомектеп иштеткен 200дөй адамдын кызыкчылыгы үчүн” бул тармактагы реформага каршы чыкпоого чакырып, маселени көтөргөн депутаттарды сынга алды.
“Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетем. Бир нерсени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекет менен элге пайдасы кандай экенин карап чыгуу керек. Мамлекет туура эмес кылып жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен дагы эки жолу депутат болгом. Эч качан микрофонго чыгып алып популисттик кылып кыйкырчу эмесмин. Кой, эртең уят болуп калбайын деп далилдеп алып туруп, чынында элге каршы болсо, маселе болсо алып чыгат элем”, - деди президент.
30-январда президент Садыр Жапаров менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон. Ага чейин ишкерлер бул тармакта 5–6 миң киши жумушсуз калганын айтып, нааразылык билдиришкен, лицензия соттун чечими менен гана алынышы керектигин айтышкан.
Маселени Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин 28-январдагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушташкан. Депутат Дастан Бекешев айдоочулук күбөлүк алууга он ай окуу өтө көп деген пикирин айткан. Ушундай эле оюн депутат Кундузбек Сулайманов да билдирип, "булар президентти жаман иштерге аралаштырып алып, туура эмес иштерге кирип кетип жатышат" деди жана комитеттин чечимин чыгарып, парламенттик угуу өткөрүүнү сунуш кылган.
Депутат Болот Ибрагимов айдоочулук күбөлүк алуу тармагын монополия кылуу туура эмес экенин белгиледи:
"Күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы узак убакыт күрөшкөн адам катары айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү көйгөй мамлекеттик органдар менен автомектептердин кагылышуусунан улам келип чыкканын айта алам. Азыр ИИМ 10–12 айлык окутууну колдоодон мурда коррупцияга жол бергени, күбөлүктөрдү көп жылдар бою сатканы үчүн элден кечирим сурашы керек. Азыр менчик автомектептерди жабуу, күбөлүк берүүнү жана окутууну монополия кылуу такыр туура эмес. Кептин баары мамлекеттик органдардагы коррупцияда. Окутуу курстарында эмес, анын сапатында эмес. Бул маселени кайра карап чыгуу керек. Себеби элде буга байланыштуу чоң түшүнбөстүк болуп, тиешелүү органдар абдан негатив көрүнүп жатат".
Белгилүү юрист Канат Хасанов Фейсбукта бул тууралуу пикирин жазып, автомектеп жөн гана үйрөтөрүнө, ал эми айдоо укугун, айдоочулук күбөлүктү мамлекет берерине, экзаменди мамлекеттик орган кабыл аларына, демек, жоокерчилик биринчи кезекте ошолордо экенине көңүл бурду:
"Ушул жерде биринчи эле жөнөкөй суроо чыгат. Эгер кайсы бир жерде «айдоочулук күбөлүктөр сатылган» болсо, анда аны ким берген? Автомектеп күбөлүктү бере албайт. Ал акыркы чечимди кабыл албайт. Документке кол койбойт. Жолго чыгууга уруксат бербейт. Эгер талапкер жол эрежелерин негизги деңгээлде билбесе, эгер теорияны биринчи жолу тапшыра албаса, бирок ошентсе да акырында айдоочулук күбөлүк алып жатса, анда бул суроо автошколага эмес, экзамен системасына жана көзөмөлгө тиешелүү. Тактап айтканда, адамга айдоого ким жол берип жатканына тиешелүү. Жол кырсыктарынын жана өлүмдүн көбөйүшү – бул татаал маселе. Бул жолдордун абалы, инфраструктура, кыймылды уюштуруу, айдоо маданияты, көзөмөл жана жазанын сөзсүздүгү. Мунун баарын автомектептерге эле жүктөө ыңгайлуу, бирок өтө жөнөкөйлөтүлгөн мамиле. Коопсуздук мындай жол менен түзүлбөйт", - деди Хасанов.
Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов Кыргызстан жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкканын айткан.
Салимжанов быйыл 14-январда жаңы маалыматы менен бөлүшүп, Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин билдирген. Анын сөзүнө караганда, ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуйт.
Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт.
В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай, ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуй турганы маалым болгон. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлгөнү, окуу баасы тууралуу кийин маалымат берилери айтылган.
Шерине