Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдаган уюмдардын ишин жөнгө салуу жана өркүндөтүү чаралары камтылган жарлыкка кол койду.

Документ 29-январда президенттин сайтында жарыяланды. Ага ылайык, 2026-жылдын 30-январынан тартып 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын окуткан жана кайра даярдаган мектептердин ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилет. Бул мезгил аралыгында автомектептерге мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат. Окутууну мамлекеттик автомектептер жүргүзөт. Президенттин иш башкармасы апробациялык режимдин жыйынтыгында президенттик администрацияга ченемдик укуктук актылар долбоорлорун киргизиши керек. Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик администрациянын мамлекет башчы менен Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Жарлык 30-январдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз бийлиги өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция болуп жатканын билдирип, мыйзамсыз иштерди токтотуу үчүн күбөлүк берүү шарты катаалдап жатканын кабарлаган. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан.

80ден ашуун жеке автомектеп ээлери президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, айдоочуларды окутууга 1-сентябрга чейин уруксат берүүнү суранышкан.


Президенттин Иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.

Ага ылайык, бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программасы да бекитилди. В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. Ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.

Буга чейин мамлекеттик жана менчик автомектептерде курсанттар 2,5 ай окучу. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгондуктан Кыргызстандагы жеке менчик автомектептердин өкүлдөрү иши токтоп калганын билдирген, 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган.

Алар база жабылып калганы үчүн жаңы курсанттарды кабыл ала албай жатышканын, мунун айынан 350дөй автомектепте 5-6 миң киши жумушсуз калганын айтып нааразылык билдирүүдө. Алардын лицензиясы соттун чечими менен гана алынышы керектигин айтышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG