Кыргызстандын Социалдык фондунда жаңы автоматташтырылган маалыматтык система иштелип жатат. Система Социалдык фонддун ишин модернизациялоого, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.
Бул тууралуу соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев 29-январь күнү системаны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге тааныштырып жатып билдирди.
Алиевдин сөзүнө караганда, автоматташтырылган система пенсияга чыгууда жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Система керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын да кыскартат. Мындан тышкары, жеке маалыматтарды коргоп, түрдүү киберкоркунучтарга туруштук бере алат.
Кыргызстанда мыйзам боюнча аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыга алышат. 2024-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, пенсияга чыгуу үчүн минималдык эмгек тажрыйба 6 жыл болушу керек.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстанда 815 миңден ашуун пенсионер бар. Учурда өлкөдөгү эң аз пенсия 7100 сом. (ZKo)
Шерине