Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Президент Жапаров автомектептер маселесин көтөргөн депутаттарды сынга алды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын алгачкы сессиясында. 2025-жылдын 17-декабры
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын алгачкы сессиясында. 2025-жылдын 17-декабры

Президент Садыр Жапаров өкмөттүн айдоочуларды даярдоодогу реформасы боюнча маселе көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаттарын сынга алды. Бул тууралуу ал 3-февралда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна барган учурда айтты.

Жапаровдун белгилешинче, айрым депутаттар бул маселени териштирбей туруп, “элге жагыныш үчүн ал маселенин туура-катасына карабай сүйлөп коюп жатышат”.

“Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетем. Бир нерсени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекет менен элге пайдасы кандай экенин карап чыгуу керек. Мамлекет туура эмес кылып жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен дагы эки жолу депутат болгом. Эч качан микрофонго чыгып алып популисттик кылып кыйкырчу эмесмин. Кой, эртең уят болуп калбайын деп далилдеп алып туруп, чынында элге каршы болсо, маселе болсо алып чыгат элем”, - деди Жапаров.

Президент депутаттарды мындай учурда алгач нааразы болгон тарап менен өкмөттү чакырып, маселени чогуу талкуулап алууну сунуштады.

28-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны учурунда айдоочуларды даярдоодогу өзгөрүүлөрдү депутаттар Жанарбек Акаев, Кубанычбек Конгантиев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов көтөрүп, Президенттин иш башкармалыгынын аракеттерин сынга алышкан.

Президенттин иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.

Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.

Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону, бири эки айга камакка алынганы белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG