Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

"Акыркы тыйыныңа чейин алып коюшат". Интернет-шылуундарга алдангандар көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда укук тартибин коргоо органдары интернет аркылуу алдамчылык кылгандар өтө күчөгөнүн айтып, жарандарды сак болууга үндөп келе жатат. Бирок кылмыштын бул түрү улам оожалып жатканын айткандар бар. Маселен, өткөн жылы мындай кылмыштын зыяны 1 миллиард сомдон ашык каражат болгон.

Интернеттеги алдамчылыктын масштабы жана аны токтотууга көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беребиз.

Интернет-шылуун кезектеги курмандыгы, Бишкек шаарынын тургуну Тамарага чалып, өзүнүн алдамчы эмес экенин, алар башкача болорун саймедиреп жатат:

“Мунун бардыгы жеке маалыматтарды тактоо жана жеке кабинетке кирүү менен бүтөт. Ошол эле. Шылуундар көбүнчө кардар органдарга кайрыла албашы үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүн алып алышат. Туура түшүнүңүз, эгерде биз шылуундар менен байланыштуу болсок, сизге мынча убакыт коротуп отурбайт элек”.

Бул окуя 2024-жылдын октябрь айында болгон. Тамара жамандыкты сезген ички туйгусуна карабай, алардын торуна чалынып, он күндүн ичинде 1,4 млн сомун которуп берип отуруп калган. Шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазып кайрылганы менен акчасын кайтарып ала алган эмес.

Азыр ал күндөрүн эстегиси келбейт, жагымсыз окуядан кан басымы көтөрүлүп, ооруп калган. Тамара ири суммага алданганын туугандары менен кесиптештерине айтпай, сыр катып келаткандыктан өзүнүн окуясы тууралуу ачык айтып берүүдөн тартынып койду. Ал сыңары коомго жар салбай, дос-туугандын кеп-сөзүнөн корунуп купуя кала бергендер көп экенин айтат:

“Мен чоң суммага алдангам. Насыя же карыз алган эмесмин. Жалпысынан 1 млн 400 миң сом алдыргам. Чогултуп жүргөн акчамды бүт бойдон берип салгам. Сен ооруйсуңбу, соосуңбу – аларга баары бир. Акыркы тыйыныңа чейин сыгып алышат. Бир аял жолдошу билип калат деп аябай корккон. Көптөрү үй-бүлөсүнөн жашырат. Мен дагы узак убакыт айтпай жүрдүм. Анткени, бул уят, кыйын иш. Шылуундардын абдан күчтүү психологиялык басымы да сезилип турат. Мындай окуяга туш болгон киши баткакка отуруп калгандай эле болот. Ошондуктан, туруштук бериш өтө кыйын. Чындап эле адамдар акчасын алдатып жибергенде туугандары менен досторуна айтып, моюндагысы келишпейт. Бул абдан оор”.

Чындыгында, сурамжылоолордон байкалгандай, интернет же уюлдук телефон аркылуу шылуундарга акчасын алдырып жибергендер өтө көп болуп чыкты. Бирок, алардын басымдуу көпчүлүгү окуясын сыр бойдон кала беришин каалайт. Жадагалса укук коргоо органдарына арыз жазбай, ичинен тынып отуруп калгандар да көп.

Журналист Мээрим Ташибекова да 2025-жылы интернеттеги шылуундарга кабылып, 800 миң сомдон ашуун акчасын алдырып жиберген. Ага өздөрүн ИИМден, УКМКдан жана банктан деп тааныштырган адамдар үч тараптан чалып, алдамчылыкты алдын алуучу операция жүрүп жатканын айтышкан. Төрт күн бою алардын сөзүнө ишенип, дос-туугандарына айтпастан болгон акчасын жана банктан бир нече насыя алып которуп салган.

Алданганын билгенден кийин укук коргоо органдарына кайрылып, бирок батыл аракеттерди кылдыра алган эмес. Кийин социалдык тармактар аркылуу жар салып чыгып, коомчулук талкуулап киргенден соң Ошто жашаган бир студент баланы кармашкан. Ал дагестандык досунун сөзүнө кирип, Кыргызстандан банк эсептерин ижарага берген адамдарды же, жаңы сөз менен айтканда, дропперлерди таап берип, акысына 5000 сомдон алып турганын айткан. Дропперлерге да акча төлөнүп турган. Мээрим короткон акчанын 500 миң сому ал тапкан аккаунттар аркылуу чыгып кеткени аныкталган.

Мен акча которгон эсептер МБанктын, Оптима Банктын кардарлары болчу. “Силердин кардарларыңар ушинтип мени алдап кетти, жок дегенде ошолордун банктык эсептерин бөгөттөп койбосуңарбы” десем, “бөгөттөгөнгө биздин жадагалса укугубуз жок” дейт. “Укук коргоо органдарынан маалымкат алып кел” дейт. Мен ошентип аларга барып маалымкат алып, аны банктарга алып барып бергенче тигилер акчанын баарын чыгарып кетишиптир. Мен эң биринчи акча салган баланын МБанктагы эсебинде 2 миллиондой акча турат деп айтышкан. Ал өзү жүдөгөн эле, ыйлап-сыктаган, оорукчан студент экен. Ошонун эсебинде акча турган, аны банктын өкүлдөрү да тастыкташкан. Бирок, кийин “жок дегенде ошол акчадан бергиле, мен насыямдын пайызы өсүп атат” десем, “ал акчаны чыгарып кетишиптир” деп койду. “Кантип чыгарып кетет, силер бөгөттөп койбодуңар беле?” десем, “биз бөгөттөгөнгө чейин чыгарып кетиптир” деп, иши кылса мени ишендирип коюшту”.

18-март күнү Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы ири интернет-шылуундардын тармагынын бетин ачканын кабарлады.

Кылмышкерлер өздөрүн банктын, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, курмандыктарын өздөрүнүн көзөмөлүндөгү эсептерге акча котортуп келишкени айтылат. Түшкөн каражаттар дароо накталай алынып же башка жактарга которулуп кетип турган.

Бишкек ШИИБнин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери дропперликке катышкан 180 киши кармалып, алардын 30у кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Өкмөттүн интернет-шылуундарга каршы күрөшү канчалык майнаптуу?

Ушул күндөрү Жогорку Кеңеште да интернет-шылуундарга каршы күрөштү күчөтүү маселеси көтөрүлүүдө.

12-марттагы отурумунда парламент Министрлер кабинетине банк чөйрөсүндөгү кылмыштардын жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу, андай кылмыштарга системдүү талдоо жүргүзүү, укуктук талааны өркүндөтүү, алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар, Улуттук банк менен Ички иштер министрлигине банк чөйрөсүндөгү алдамчылык аракеттерге талдоо жүргүзүү, андай алдамчылык аракеттерди азайтууга, алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү милдети жүктөлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев интернет-шылуундарга каршы күрөшүүдө коммерциялык банктардын ишмердигине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты:

Медербек Алиев
Медербек Алиев

“Бул жерде маселе кандай болуп жатат? Шылуундар аларга телефон чалып "сизде банктык эсепте турган каражаттарды бул жакка же тигил жакка которуңуз" деп алдамчылык жол менен алдап кетип атат. Маселен, ошол учурда коммерциялык банктар өзүнүн кызыкчылыгы болгондо, көрсө, көз жаздымында калтырып коёт экен. Албетте, бул кылмышка коммерциялык банктардын тиешеси бар дегенди билдирбейт. Ал эми кылмышкерлер бир эле учурда күмөн миллиондогон сомдор ары-бери калчалып, бир банктан бир банкка которулуп атканда эмне үчүн коммерциялык банктар өз учурунда ушундай күмөн процесстерге көңүл бурбайт, дароо бөгөт койбойт?”.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, учурда дропперлик кылган 726 жаран кылмыш жообуна тартылып жатат.

Депутаттар интернет-шылуундукка жаштар көп тартылып жатканын айтып, бул көйгөйдү чечүү жолдорун жакшыртууну талап кылууда.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, дропперликке дуушар болгондордун жарымынан көбү (60%) 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштар болууда. Мекеме төрагасынын орун басары Санжар Абдыгазиев жарандарды көп зыянга учураткан дропперликке негизинен төрт банк аралашканын, алардын ичинде “Оптима Банк” биринчи орунда турарын билдирди:

“2025-жылы токтом кабыл алынган. Ал жакта банктын жетекчилигинен жөнөкөй кызматкерине чейин жоопкерчиликтерин аныктап бөлүп чыкканбыз. Антифрод дагы ошол токтом менен кетип атат. Ал 1-марттан баштап күчүнө кирет. Ошондон баштап биз чараларды колдонуп баштайбыз. Ошол токтомдун негизинде алар дагы конкреттүү түрдө милдеттенмелерди алган”.

2020-жылдын ортосунда УКМКнын алдында Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбор ачылган.

Ички иштер министрлигинде да киберкоопсуздук боюнча атайын башкармалык ачылган. Ал үч бөлүмдөн турат. Райондук бөлүмдөрдө да атайын штаттар ачылган. Министрдин орун басары Нурбек Абдиев башкармалыкта кызматкерлер жетиштүү экенин, алар техникалык шарттар менен камсыздалганын жана билимин тынымсыз өркүндөтүп, Өзбекстанга, Орусияга барып тажрыйба алмашып турарын билдирүүдө.

Арийне, депутат Элвира Сурабалдиева иш жүзүндө алардын колунан көп нерсе келе бербешин айтууда:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

“Каттарды жөнөтсөк, силер тараптан “жок, биз жардам бере албайбыз” деген жооп келген жок. Бирок, ошол эле убакта жарандар айтып атат “милиция эч нерсе кыла албайт экен, анткени акчабыз кетип калыптыр” деп. “Такыр шанс жок” деп эле силердин кызматкерлер жооп берген учурлар ачык болуп атыптыр. Ошондуктан, мүмкүн, ишеним азыраак болуп, башкалар кайрылбаганынын дагы бир себеби болушу мүмкүнбү деп ойлоп калдым”.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, 2025-жылы киберкылмыштарга байланыштуу 1547 иш козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөн. Өлкө боюнча келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 826,5 млн сом болсо, анын 73,9 млн сомго жакыны ээлерине кайтарылып берилген.

Нурбек Абдиев уурдалган каражаттын көпчүлүгүнүн кайтарылбай калышын жабыркаган жарандар укук коргоо органдарына өз учурунда кайрылбай, акча башка эсептерге же чет мамлекеттерге чыгып кетип жатканы менен түшүндүрөт. Ал ушундай көйгөйлөрдөн улам онлайн насыя берүүдө “бөгөттөй туруу” жана антифрод системалары киргизилгенин, мындай чаралар шек жараткан операцияларды тез аранын ичинде токтотуп калуу же акчаны кайтарып калууга мүмкүнчүлүк берерин айтат.

Нурбек Абдиев
Нурбек Абдиев

“Эгерде кылмыш жасаган кылмышкерлер биздин мамлекеттин аймагында жайгашып, кылмышты ушул жакта жасап жатса, аны кармап, жоопкерчиликке тартууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгерде кылмышкерлер алыскы чет өлкөлөрдөн туруп интернет аркылуу кылмыш жасаган болсо гана бизде көйгөй жаралат. Кайсы мамлекеттен, кандай жарандар кылмыш жасагандыгы жөнүндө тактоо бир топ кыйынчылык жаратат”.

Атайылап же билбестиктен шылуундарга өзүнүн банктык карталарын, SIM карталарын же интернет-банкингин саткан киши дроппер деп айтылат. Аларды шылуундар уурдалган акчаны которуу же накталай чыгарып алуу үчүн колдонушат. Дропперлердин иш-аракетин уюштурган жана аккаунттарды каттоо, шылуундук чалуулар үчүн SIIM карталарды массалык иштеткен адамды дропповод деп аташат.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, андай адамдар бирөөлөрдүн карталарындагы акчасын уурдап кеткен шылуундар менен бирге кылмышкер болуп эсептелет.

Дропперлик кылгандарга 200 эсептен 500 эсепке чейин айыппул салынат же 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде кылмыштын суммасы ири өлчөмдө болуп, аны уюшкан топ жасаса, анда кылмышкерлер 5 жылдан 10 жылга чейин жазага тартылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG