Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу ишин токтоткон 50 ишкана тууралуу кыскача маалымат берди. Ал “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буларды айтты.
“Мамлекет тарабынан андай иш-аракеттер (ред: санкцияны айланып өтүү) жок. Бирок айрым компаниялар бар. Ошондуктан биз комиссия менен байланыштабыз. Алар тобокелдиктерди айткандан кийин аны изилдеп, жооп кайтарабыз. Мисалы, АКШ жана Улуу Британия 51 компания боюнча айып койду. Биз изилдеп чыгып 50 ишкананын каттоосун токтотуп койдук. Шек жараткан жагдайлар бардыр. Эми аны сотто далилдейбиз”, - деди ал.
Данияр Амангелдиев өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы үчүн Батыш өлкөлөрү менен санкцияга байланыштуу диалогду улантуу зарыл экенин кошумчалады.
18-майда Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан деген негизде 50 ишкананын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылганын билдирген. Министрлик муну санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет деп баалап, бирок кайсыл компаниялар жабылганын тактаган эмес.
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.
Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.
Европа Биримдигинин дипломаттары жакында Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.
Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.
2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген. (BTo)
Шерине