Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев автоунааларды камсыздандыруу мыйзамдары так иштебей жатканын сынга алды. Депутат унаалар кагышып, олуттуу кырсык катталбаган учурда аларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерин аралаштырбай эле маселени чечүүнү эки камсыздандыруучу компанияга коюу зарылдыгын айтты.
Бекешев бул тууралуу Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 19-майдагы жыйынында билдирди.
"Автоунааларды камсыздандырууга милдеттендирген мыйзамды алып келгенде, унаалар кагышып, олуттуу кырсык болбогон учурда эки тараптын маселесин камсыздандыруучу компаниялар гана чечет, жол тескөөчүлөр аралашпайт деп айткан элеңер. Азыр таптакыр андай болбой чыкты. Камсыздандыруучу компаниялар кырсык болгон жерге келбейт, келсе Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкармалыктын (ЖКККБ) кызматкерлери менен чогуу келишет экен. ЖКККБ кызматкерлери кырсыктаган унааларды айып токтотмого кийирип коюшат экен. ОСАГО (автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси - ред.) кошумча салыкка айланып калды. Жарандар жөн гана акча төлөштү, пайдасын көргөн жок. Жарандардын жеңилдиги, пайдасы кана? Камсыздандыруучулар акчасын беришпейт экен. Мындай учурда кандай болот? Европротокол кана? Эмнеге аны колдонбойбуз?", - деди депутат.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова камсыздандыруу компаниялары акча төлөп берип жатышканын айтты.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Бактыгул Абдыжалиевдин депутаттарга берген маалыматына караганда, кагышкан автоунаалардын чыгымын төлөө боюнча европротоколду киргизүү маселесинин үстүндө Камсыздандыруучу компаниялардын ассоциациясы тийиштүү мамлекеттик органдар менен чогуу иштеп жатат.
Абдыжалиев маалымдагандай, 2026-жылга карата Кыргызстанда 1,8 млн автоунаа камсыздандырылган. Бул жалпы унаалардын 65% түзөт. Булардын ичинен 35% мамлекеттик камсыздандыруу компанияларында, калганы жеке компанияларда камсыздандырылган.
Кыргызстанда автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып толук күчүнө кирген.
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 19-майдагы отурумунда “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окуудан карады. (ZKo)
Шерине