Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:00

Кулубаев Мозамбикке жана Намибияга расмий сапар менен барат

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Мозамбикке жана Намибияга барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

19-22-май күндөргө пландалып жаткан сапардын максаты Африка өлкөлөрү менен эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, саясий диалогду өнүктүрүү экени белгиленди. Расмий өкүлдөр менен жолугушуулар өтөт, кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Мозамбик жана Намибия менен келишимдик-укуктук базасын мындан ары кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн башкы дипломаты Африкадагы бул мамлекеттерге алгачкы жолу барганы жатат.

18-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Маврикийдин президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушкан жана кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Президенттердин жолугушуусу Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында болгону кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG