Жайкы туристтик мезгилге карай 5-июндан тартып Бишкек–Балыкчы поезд каттамы жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 19-майда маалымдады.
Каттамдар башында 5-21-июнга чейин аптасына үч ирет - жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. Ал эми 26-июндан 13-сентябрга чейин күнүгө каттайт.
Бишкек–Балыкчы каттамындагы поезддин акыркы аялдамасы былтыркыдай "Балыкчы жээк" станциясы болот.
Поезд борбордон саат 08:06да чыгып, Балыкчыга түшкө жакын жетет. Кечинде саат 18:40та ал жактан Бишкекке кайтат.
Поездде 16 вагон болот, анын ичинде 8 вагон облустар аралык категориясында, 1 вагон люкс, 6 вагон VIP, ал эми бир вагон VIP-купе категориясында.
Белет акысы облустар аралык вагондорго накталай эмес түрдө 150 сом, накталай 180 сом, балдарга 73-90 сом, люкс вагондорго 500-600 сом, балдарга 250-300 сом турат.
Ал эми VIP категориясындагы вагондорго белет чоң кишилер үчүн 800-1000 сом, балдарга 400-500 сом. VIP-купе вагону үчүн 6000-7200 сом турат.
Бишкек–Балыкчы каттамындагы поездге белеттер 21-майдан тарта сатыла баштайт.
Бул каттам жыл сайын жайкы туристтик мезгилди утурлай ишин жандантат.(ZKo)
Шерине