Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:14

АКШ Орусияга мунай сатууга берилген уруксатты дагы 30 күнгө узартты

Мунай ташуучу Marinera танкери.(архив)
Мунай ташуучу Marinera танкери.(архив)

АКШнын Финансы министрлиги Орусияга мунайын деңиз аркылуу сатуусуна уруксат берген лицензиянын мөөнөтүн дагы 30 күнгө узартканын америкалык мекеменин башчысы Скотт Бессент маалымдады. Анын айтуусунда, чечим "аялуу өлкөлөргө учурда деңизде кармалып турган орусиялык мунайды убактылуу сатып алуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн" кабыл алынды.

"Бул кошумча ийкемдүүлүктү камсыздайт, биз бул өлкөлөргө зарылчылыкка жараша атайын лицензияларды берүүнүн үстүндө иштейбиз. Бул жалпы лицензия чийки мунай базарын турукташтырууга жана энергетикалык жактан аз камсыз болгон өлкөлөргө мунайды жеткирүүнү камсыздоого шарт түзөт", - деп айтылды билдирүүдө.

Бир ай мурун америкалык бийлик Орусиянын кемелерге жүктөлгөн мунайын жана мунай азыктарын санкциядан чыгарган. Чечим 16-майга чейин күчүндө болду.

Бирок мурдараак Бессент Вашингтон мындай жеңилдикти узартууну көздөбөй турганын билдирген. Ушундай эле пикирди энергетика министри Крис Райт да айтып, сөз жалпы санкция саясатын өзгөртпөй турган убактылуу чара жөнүндө болуп жатканын белгилеген.

Жаңы лицензия тууралуу чечим дүйнөлүк мунай базарында туруксуздук күч алган шартта кабыл алынды. Басым Ирандын айланасындагы жаңжалга жана Ормуз кысыгындагы - дүйнөлүк мунай соодасынын негизги багыттарынын бириндеги кырдаалдан улам күчөп кетти. Эксперттер белгилегендей, АКШ мындай шартта мунай сатуунун үзгүлтүккө учуроосуна жана баалардын кескин кымбаттап кетүүсүнө жол бербөөгө аракеттенүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG