Камактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов президентке кайрылып, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыздыгын белгиледи.
Ишкердин тергөө абагынан 15-майда жазган катын анын адвокаты Асел Аргымбаева 18-майда Фейсбукка жарыялады.
Кайрылуусунда ишкер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери өзүнө каршы "жасалма" иш козгоп, эки жылдан ашуун убактан бери мыйзамсыз кармап отурушканын билдирген.
Ал өзүнө таандык эмес жер тилкеси үчүн 52 млн сомдук мүлкүн УКМК кызматкерлери тартып алышканын, тергөө абагында отурган кезинде кыйноого алышканын билдирип, ал үчүн Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерлерин айыптаган. Алардын үстүнөн арызына прокуратура эч кандай чара көрө албаганын билдирген.
"Февраль айынан бери УКМК кызматкерлеринин кылган кылыктарын айынан күндө күн алып кармалып, камалып, айткандарын калың эл угуп, көрүп, билип жатат. Убакыт – бардык нерсенин даарысы, ар бир иштин таразасы экен. Акыркы эки жылда айтып, жазып келген чындыгымды ар кандай жол менен далилдеп берүүгө даярмын", - деп жазган Ташов.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.
Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.
Ташов кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. ЖАМК анын дооматтарынын баарын четке каккан.(ZKo)
Шерине