Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Бишкекте быйыл 120 чакырым жолдун курулушу аяктайт

Бишкектеги жол курулушу. Март, 2026-жыл.
Бишкектеги жол курулушу. Март, 2026-жыл.

Борбор калаа Бишкекте быйыл жалпы 120 чакырым жолдун курулушу аягына чыгат. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 18-майдагы жыйынында билдирди.

Вице-мэр борбор калаада тыгын көйгөйүн чечүү үчүн 2026-2030-жылдарга карата атайын концепция бекитилгенин, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында шаар үч эсе чоңойгонун белгиледи. Ага ылайык, учурда шаардын карамагында 2 820 чакырым жол бар, 1 450 чакырым жолго асфальт төшөлгөн эмес.

"Мурдагы убактарда мэрия жылына 30 чакырымдай жол курган. Былтыр биз 92 чакырым жолдун курулушун бүтүрүп, рекорд койгонбуз. Быйылкыга 120 чакырым бүтүрөбүз деген планыбыз бар. Бирок бул темп менен кетсек, шаардагы жолдордун баарына асфальт төшөө үчүн 10-15 жыл сарпталат", - деди Алиев.

Жол тыгынын жоюу максатында мэрия борбордук көчөлөрдө автоунаа токтотууга тыюу салынганын, "акылдуу" жол чырактар орнотулуп жатканын кошумчалады. Жөө адамдар үчүн жер алдынан жана үстүнөн өтүүчү өтмөктөр курулуп жатканын айтты.

"Айтматов- Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде - Азия моллдун аймагында автоунаа кыймылын тескөөчү чоң жол-көпүрө курулат. Ушундай эле долбоор Жаш Гвардия-Толстой, Чүй-Валиханов көчөлөрүнүн кесилиштеринде курулат", - деди вице-мэр.

Рамиз Алиев Чыгыш айланма жолу да курулуп жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда магистралды менчик компания куруп жатат, ал жолго чыгуучу Ахунбаев көчөсүн мэрия курат.

Бишкек мэриясы шаардагы тыгын көйгөйүн чечүү максатында жаңы жолдорду ачып, эскилерин кеңейтип келет. Соцтармактарда мэриянын бул аракети сынга алынып, унааларга эмес, элге шарт түзүүнү, транспорт маселесин чечүү талаптары коюлган учурлар арбын.

Быйыл апрелде мэриянын "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин кампусу аркылуу унаа жолун ачуу демилгесине студенттер каршы чыгышкан.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG