Бир катар маалымат каражаттары АКШнын президенти жакынкы күндөрдө Иранга каршы жаңы чабуулдарды талкуулай турганын жазышууда. Axios америкалык эки аткаминерге шилтеме менен Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча командасы менен 19-майда жолугарын билдирди. Ал эми CNN өз булактарына таянып, жыйын апта башында өтөрүн кабарлады. Мындан башка маалымат берилген жок.
16-майда Трамп вице-президент Жей Ди Вэнс, Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткофф, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Рэтклифф менен жолуккан.
Эртеси Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөн.
The New York Times гезити президенттин жардамчылары Иранга урулчу соккулардын планын иштеп чыкканын жазган. Сунуш кылынган варианттардын биринде Ирандын аскердик жайларын бомбалоо, мындан тышкары байытылган уранды өлкөдөн алып чыгуу үчүн жердеги операция жүргүзүү каралган.
Axios менен маектешүүдө Трамп Тегерандан жаңы тынчтык келишимин күтүп жатканын, ал мурдагыдан “жакшы болоруна” үмүттөнгөнүн билдирген.
"Алар же келишимге келишет, же таш-талканы чыгат", — деп эскерткен америкалык президент Кытайдан кайтып келгенден кийин.
Тегеран болсо кандай агрессия болбосун жооп кайтарууга даяр экенин жар салды. Иран парламентинин спикери Мохаммад Галибаф өз өлкөсү "бардык варианттарга даяр" экенин жазды.
NYT билдиргендей, учурда ортомчулар Ормуз кысыгын ачып, кайра чыңалууга жол бербөө үчүн мунаса табууга умтулууда.
Шерине