АКШ менен Израил Иранга каршы согушту кийинки аптада калыбына келтирүү үчүн ургаалдуу даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу The New York Times (NYT) басылмасы Америка жана Жакынкы Чыгыштагы аткаминерлер арасындагы булактарына таянып жазды.
Гезиттин маалыматына караганда, Трамптын жардамчылары эгер Вашингтон конфликттеги туңгуюктан эскалациянын жардамы менен чыгууну чечсе, Иранга каршы жаңы соккулар тууралуу пландарды даярдаган.
Талкууланып жаткан варианттардын арасында Ирандын аскердик жайлары менен инфраструктурасын катуураак бомбалоо, жер алдындагы өзөктүк объектилерде байытылган урандын корун издөө үчүн спецназдын катышуусундагы операция бар.
NYT белгилегендей, мындай операцияга миңдеген аскер керектелет.
Мындан тышкары гезит АКШнын жүздөгөн атайын багыттагы жоокери мартта эле Жакынкы Чыгышка жеткирилгенин эске салды. Чөлкөмдө 50 миңден ашуун америкалык аскер, эки согуштук кеме, эсминецтер жана ондогон аскердик учактар да жайгаштырылган.
Трамп азырынча чечим кабыл ала элек, бирок Кытайдан кайткандан кийин журналисттерге Ирандын согушту жөнгө салуу боюнча акыркы сунушу аны канааттандырбай турганын айтты.
"Алар же келишимге келишет, же таш-талканы чыгат", — деди Трамп.
Тегеран болсо кандай агрессия болбосун жооп кайтарууга даяр экенин жар салды. Иран парламентинин спикери Мохаммад Галибаф өз өлкөсү "бардык варианттарга даяр" экенин жазды.
NYT билдиргендей, учурда ортомчулар Ормуз кысыгын ачып, кайра чыңалууга жол бербөө үчүн мунаса табууга умтулууда.
- Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып, Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.
Шерине