Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Жогорку сот Бакировду “добуш сатып алуу иши” боюнча актады

Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

18-майда Жогорку сот парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун иши боюнча буга чейинки эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, экс-депутатты актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өмүрбек Бакиров билдирди.

2023-жылы декабрда Ноокат райондук соту Өмүрбек Бакировду “2021-жылдагы Жогорку Кенешке шайлоодо добуш сатып алган” деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган. Ош облустук соту 2024-жылдын март айында чечимди күчүндө калтырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылы 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку сот ошол эле жылдын 18-августунда ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Ошол учурда Өмүрбек Бакиров “Азаттыкка” комментарий берип, муну Кемпир-Абад маселесинде парламентте каршы добуш бергени менен байланыштырган. 2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Равшанбек Рысбаев келип депутаттык мандат алган. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG