Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-июнда Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоонун алдында мамлекет башчыларына кайрылуу жасады.
Президент дүйнөдө болуп жаткан куралдуу кагылышууларды белгилеп, согушка жумшалган эсепсиз каражат адамзатка татыктуу жашоону камсыз кылууга жете турганын, Кыргызстан чектеш мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоону тынчтык жолу менен гана аягына чыгарууга жетишкенин билдирди.
“Кыргыз Республикасынын талапкерлиги Борбордук Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ, бул аймактык консолидациянын сапаттык жаңы деңгээлин чагылдырат жана Коопсуздук кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган, макулдашылган жана жоопкерчиликтүү позиция менен чыгууга даяр экендигибизди тастыктайт. Кыргызстан Коопсуздук кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берет жана муну жергебиздеги элдердин тагдыры үчүн жогорулаган жоопкерчилик катары карайт. Кеп эл аралык системанын башкарылуусу Коопсуздук кеңештин натыйжалуулугунан түздөн-түз көз каранды болгон мезгилдеги конкреттүү иш-аракеттер жөнүндө болуп жатат. Биз Кеңештин өзүнүн баштапкы функциясына – чыр-чатактарды саясий коштоо эмес, укукка, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келүү зарылдыгынан чыгабыз”, - деп жазды Фейсбуктагы расмий баракчасына.
Садыр Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланса – бул дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана бардык өлкөлөргө БУУнун алдыңкы органына шайланууга тең укуктуулукту камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болорун кошумчалады.
3-июнда БУУда Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу эмес мүчөсү шайланат. Азия-Тынч океан аймагынан кеңештеги бир орун үчүн Кыргызстан менен Филиппин ат салышууда. (BTo)
Шерине