Бүгүн 17-майда Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталууда. Жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын билим деңгээлин аныктоого багытталган жараян 23-майга чейин уланат.
Ар бир катышуучу үч күндүк сынактан өтүшү керек болот. Биринчи этапка катталгандардын күндөрү - 17, 18 жана 19-май, ал эми экинчи этап 21, 22 жана 23-май күндөрү өтөт.
Биринчи күнү математика, текстти окуу жана түшүнүү, практикалык грамматика. Экинчи күнү мамлекеттик (кыргыз) тили боюнча тест (баарына милдеттүү) + тилдер боюнча предметтик тесттер (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты). Ал эми үчүнчү күнү болсо предметтик тесттер (химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили).
Жогорку окуу жайлар абитуриент кабыл алууда ЖРТда топтогон баллына карашат. Эң мыктыларына жеңилдиктер берилет.
Негизги тесттен (биринчи күнкү сынак) кеминде 110 балл, ал эми предметтиктен (экинчи жана үчүнчү күнү тапшырган тесттер) ар бир профилдик предмет боюнча кеминде 60 балл болушу шарт.
Тестирлөөнү "Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору" (ББОУБ) деп аталган билим берүүчү мамлекеттик эмес мекеме жүргүзөт. Анын ишмердүүлүгү Кыргызстандагы тест жүргүзүү системасын илимий негизде, ачык-айкын өткөрүүгө багытталганы, адистери ар тараптуу даярдыктан өтүп, тестти өткөрүү багытында тажрыйбасы зор экени сайтында белгиленген.
Быйыл ЖРТга каттоо 7-апрелде аяктаган. Каттоодон өткөндөрдүн жалпы саны 61 412 адам.
Агартуу министрлиги ЖРТга катыша тургандарга кайрылуу жарыялап, ийгилик каалады.
"Талыкпаган эмгегиңиздер мыкты жыйынтык берип, алдыга койгон максаттарыңыздар ишке ашсын. Өзүңүздөр каалаган кесиптин ээси болуп, өлкөбүздүн келечегине салым кошкон билимдүү жаштардан болуңуздар!", - деп айтылды министрликтин кайрылуусунда.
Быйыл, расмий маалыматка караганда, 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктоодо. Ал эми 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде.
Бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт. (RK)
Шерине