Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:07

Италияда жөө жүргүнчүлөрдү машина сүзүп, сегиз киши жараат алды

Италия. Полиция. Иллюстрация сүрөт.
Италия. Полиция. Иллюстрация сүрөт.

Италиянын Модена шаарында айдоочу унаасы менен адамдарды сүзүп, андан соң бычак менен кол салууга аракет кылды. Сегиз адам жабыркады, алардын төртөөнүн жарааты оор, баары ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу 16-майда Италиянын ANSA агенттиги билдирди.

Учурда айдоочу сурак берип жатат. Моденага жакын Болоньядан чыккан il Resto del Carlino гезитинин жазышынча, ал 31 жашта, Италияга Мароккодон барган үй-бүлөдө туулган жана бул өлкөнүн жараны макамы бар. Басылманын маалыматы боюнча, окуя болгон учурда ал алкоголдун же баңгизаттын таасири астында болгон эмес.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони окуяны "өтө олуттуу" деп атады. "Жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Кылмышкерди токтотуу үчүн кайраттуулук менен кийлигишкен жарандарга, ошондой эле ыкчам реакциясы үчүн укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Италиянын вице-премьери жана оңчул-консервативдик "Лига" партиясынын лидери Маттео Сальвини айдоочу "мигранттардын экинчи муунунун" өкүлү экенин белгиледи.


Шерине

XS
SM
MD
LG