Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Согушта курман болгон 528 жоокердин сөөгү Украинага кайтарылды

Орусия менен Украинанын ортосундагы сөөк алмашкан аймак. Кызыл  Чырымдын автоунаалары.  2026-жылдын 15-майы
Орусия менен Украинанын ортосундагы сөөк алмашкан аймак. Кызыл Чырымдын автоунаалары. 2026-жылдын 15-майы

Орусия согушта кайтыш болгон 528 жоокердин сөөгүн Украинага кайтарды. Бул тууралуу Аскер туткундары менен иш алып барган Координациялык штаб билдирди. Орус тараптын маалыматына ылайык, сөөктөр украиналык аскерлерге таандык деп болжолдонуп жатат. Украинада алардын тек-жайын аныктоо иши жүргүзүлөт.

Мунун алдында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Шамсаил Саралиев РБК агенттигине 15-майда Украина менен сөөктөрдү алмашуу күтүлүп жатканын айткан. Киевге 528 сөөк өткөрүлөрүн, Москвага 41 сөөк кайтарыларын билдирген.

Украина тарап бул репатриацияны уюштурууга көмөктөшкөн Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирди.

15-майда Москва менен Киев “205ке 205” формуласы боюнча туткун алмашты. Украина президенти Владимир Зеленский бул “1000ге 1000” форматындагы ири алмашуунун биринчи баскычы экенин билдирди. Ар бир тараптан миңден туткун алмашуу 9–11-май күндөрү АКШ президенти Дональд Трамптын кийлигишүүсү менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминин бир бөлүгү болуп саналат.

Москва сөөктөрдү алмашуу тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG