Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:07

Ош: Курулуш объектисинде унаа кулаган окуя боюнча териштирүү жүрүп, чара көрүлдү

Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Ошто курулуш жүрүп жаткан жерде атайын техника оодарылып кеткен окуяга байланыштуу териштирүү жүргүзүлүп, курулуш компаниясына карата чара көрүлдү, ага айыппул салынып, ошол жердеги иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 17-майда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрилиги билдирди.

Айдоочунун абалы туруктуу экени, ал азыр ооруканада дарыланып жатканы кабарланды.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, Ашимахунов көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушуна келген бетон ташуучу машина "маневр жасоо учурунда жанындагы казылган жерге (котлован) оодарылып кеткен". Курулуп жаткан үй Ош шаарынын мэриясына караштуу экени маалымдалды.

"Казылган жер тилкесинде Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен чет өлкөлүк инвестордун катышуусунда OXFORD аттуу мектептин курулушу башталган. Маалым болгондой, курулуш объектисинде коопсуздук эрежелери талаптагыдай сакталган эмес. Тактап айтканда, казылган котлован тиешелүү түрдө тосулбай, эскертүү белгилери коюлбаган жана атайын техниканын коопсуз маневр жасоосу камсыз кылынган эмес", - деп айтылды маалыматта.

Териштирүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, казылган жерди коопсуз абалга келтирбегендиги үчүн “Бест Хаус” курулуш компаниясына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, курулуштагы коопсуздук талаптарынын сакталышы тууралуу маселе талкууга түштү.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG