Орусия 16-майга оогон түнү Украинага ар кандай типтеги 294 дрон учурду, алардын 269у атып түшүрүлдү же кармалды. Украинанын аба күчтөрү 15 жерге 20 дрон тийгенин, тогуз жерде алардын калдыгы түшкөнүн билдирди.
Түн ичинде орусиялык күчтөр Одесса облусундагы портко сокку урду. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипердин айтымында, бир дрон Измаилдеги беш кабаттуу турак жайга тийип, терезелери талкаланды. Мындан тышкары Измаил районундагы 39 калктуу конуш жарыксыз калды.
Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, Херсон облусуна чабуулда бир адам каза болуп, 23ү жаракат алды.
Эртең мененки саат 7:00 чамасында орусиялык аскерлер Херсондун борбордук районунда кичи автобуска сокку урду. Айдоочу жаракат алып, орточо абалда ооруканага жаткырылды. Харьковдун Киев районундагы соккудан үч адам жаракат алып, гаражга зыян келтирилген. Мэр Игорь Тереховдун айтымында, бир адам жаракат алган. Шаардын Основянский районунда бир адам жаракат алган.
Эртең менен Орусия Запорожьеге да кол салган. Аймактык аскердик администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, эки адам осколкадан жаракат алган.
Сумы облусуна соккулардын кесепетинен жалпы жети адам жаракат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Шостка жана Тростянецтеги соккулардын кесепеттеринин сүрөттөрүн жарыялап жатат.
Днепропетров облусундагы чабуулдарда бир адам жаракат алып, болжол менен 30 чакты унаа өрттөнүп, турак жайларга зыян келтирилгенин дубандын башчысы Александр Ганжа билдирди.
Шерине