Кыргызстанда жугуштуу эмес оорудан каза болгондордун саны боюнча көрсөткүч соңку сегиз жылда дээрлик үчтөн бирге азайганы, мында Швейцария өкмөтү көрсөткөн жардам олуттуу салым кошкону аталган өлкөнүн элчилиги жарыялаган маалыматта айтылды.
2018-2026-жылдары швейцариялык тарап каржылаган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору, маалыматта белгиленгендей, сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга салым кошту. Долбоор Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылып келди.
"DALY көрсөткүчү (мезгилсиз өлүмдөн жана майыптыктан улам кемиген өмүр жылдары) орточо эсеп менен 29% кыскарды. Өлкө боюнча 92 миңден ашуун мезгилсиз өлүмдү алдын алып, бул болжол менен 44,8 миллиард сомдук экономикалык чыгымды болтурбоого мүмкүндүк берди. Долбоор жугуштуу эмес оорулардын негизги коркунучун азайтууга да жардам берди. Тамеки чегүү деңгээли 19%, алкоголдук ичимдиктерди ичүү 58% азайып, ошондой эле туура тамактануу жана физикалык активдүүлүккө байланышкан көрсөткүчтөр жакшырды", - деп билдирди элчилик.
“Жооптуу бол!” аттуу бир айлык алкагында быйылкы жылы 1,1 миллиондон ашуун эркек, ал эми былтыр “Айымдардын ден соолугу” бир айлыгында 1 миллиондон ашуун аял саламаттыгын акысыз текшертип, дарыгерлердин кеп-кеңешин алды.
Жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт илдеттери, рак жана кант диабети жугуштуу эмес оорулар катарына кирет. Алар туура эмес тамактануудан, тамеки чегүүдөн, алкоголдук ичимдикти ашыкча ичүүдөн, көп кыймылдабагандан улам күчөйт. Эгер ушул факторлорду жойсо аталган ооруларды азайтуу оңой болорун адистер белгилеп келишет. (RK)
Шерине