Москва жана Москва облусу 17-майга караган түнү учкучсуз учуучу аппараттар менен жапырт чабуулга алынды. Бул Орусия коңшусу Украинага кол салган согуш башталгандан бери Москва аймагы эң ири соккуга кабылган окуя.
Шаар мэри Сергей Собяниндин Telegram каналындагы бир нече билдирүүсүнө ылайык, Москвага учкан 85тен кем эмес дронду абадан жасалуучу соккудан коргонуу күчтөрү жок кылды.
Кеминде үч адамдын өмүрү кыйылганы, 10 чакты киши жараат алганы, дрон тийген же сыныктары түшкөн бир нече жерде, анын ичинде Шереметьево эл аралык аэропортуна караштуу тилкеде өрт тутанганы маалым болду.
Украиналык мониторинг каналдары жана ASTRA Телеграм каналы окуя болгон жерлерден сүрөт, видеолорду жарыялап жатышат.
Зеленоградда (Москванын бир бөлүгү) "Элма" технопаркы соккуга кабылганы белгилүү болду.
Шереметьево аэропортунда өрттүн тутанышына дрон сыныгы түшкөнү себеп болду, ал жер терминалдын имаратынан тыш жакта экени кабарланды.
Аэропорттун маалымат кызматы жазганына караганда, "жүргүнчүлөрдү жана учактарды тейлөө кадимки тартипте уланышы камсыздалып жатат". Бирок, онлайн таблодогу маалыматтарга караганда, Шереметьевого келип коно турган учактардын 100дөн ашуунунун убактысы өзгөртүлдү же каттамдын өзү токтотулду. Аэропорттон уча турган жүздөгөн учак да кармалып турат.
Внуково аэропортунда да 100 чакты каттамдын иши үзгүлтүккө учурады.
Москванын тегерегиндеги бир нече аймакта учкучсуз учактар көп кабаттуу үйлөргө тийгени кабарланып, Химки, Истра, Красногорск жана Москванын Михайлов көчөсү аталууда.
Москва облусунда, бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, үч адам каза болду: бири учкучсуз учуучу аппарат Химкиде жеке үйгө, экөө Мытищиде курулуп жаткан үйгө тийгенде.
Москвада Зеленограддан тышкары Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго да чабуул жасалды, мэр Сергей Собяниндин айтымында, 12 адам жабыркады, алар өткөрүү пунктунун жанында турган куруучулар болгон деп айтылууда. Келтирилген зыян тууралуу маалымат жок.
Шаардын борбордук бөлүгүндө да жарылуулар угулду.
Солнечногорск аймагында да мунай куюучу станция жабыркады.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир түндүн ичинде 556 украиналык учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлдү, анын ичинде 120га жакыны Москва облусунун үстүнөн. Канчасы атып түшүрүлбөй калганы тууралуу маалымат жок.
Украина азырынча бул чабуулдарга комментарий бере элек.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Орусиянын 13-14-майдагы жапырт соккусуна сөзсүз түрдө жооп кайтарарын билдирген, ал чабуулдун кесепетинен Киевде кеминде 24 өмүр кыйылган.
Шерине