Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

Амангелдиев банктар “Камбар-Ата-1” ГЭСине каражат бөлүүгө даяр экенин айтты

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна Дүйнөлүк банк, Европа инвестициялык банкы жана Европа өнүктүрүү жана реконcтрукциялоо банкы каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” эфиринде айтып, жогоруда сөз болуп жаткан банктар каражатты Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга насыя катары берерин кошумчалады.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСине 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин маалымдаган. Дүйнөлүк банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүүнү да караштарып жатканы айтылган.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1880 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG