Агартуу министрлиги мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эскертти.
Мекеме мындай чечим коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык чыгым келтирүүнүн алдын алуу үчүн кабыл алынганын, ага ылайык мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга тыюу салынганын билдирди.
Быйыл өлкөдө 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. 2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт. (BTo)
Шерине