Кыргызстандын авиациясын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүп жатат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын сөзүнө караганда, бул маселеге байланыштуу үч баскычтан турган сүйлөшүү жүрдү жана ушул тапта Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) комиссиясы Кыргызстанда жүрөт. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу же баш тартуу боюнча чечим кабыл алынат.
“Манас” аэропорту эл аралык деңгээлге татыктуу болгудай оңдолуп жатат. Аэропорттун учуу-конуу тилкечи жаңыртылып, учак конгон аймак эл аралык талаптарга жооп бергендей жарыктандырылды. Коопсуздукка байланыштуу маселенин баары чечилди”, - деди ал.
Кыргызстандык авиакомпаниялар “Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.
Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам өңдүү шаарларга түз учуп турган.
2025-жылы сентябрь айында Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” 2026-жылдын май айында чыгарылат деп күтүлүп жатканын айткан. (BTo)
Шерине