Ливанда 2-марттан бери Израилдин соккуларынан каза тапкандардын саны 2 миң 988 кишиге жетти. Бул тууралуу жекшембиде өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чукул кырдаалдар борбору билдирди. Маалыматка караганда, 9 миңден ашуун киши жараат алды.
17-майда Израилдин аскерлери (ЦАХАЛ) Ливандын түштүгүн аткылоону улантканы, Тайр Фелсай шаарчасында үч киши, арасында бир бала набыт болгону, жаракат алган дагы сегиз тургундун ичинде үч наристе бар экени кабарланды.
Тайр Дебба айылына коюлган чабуулдан эки кишинин өмүрү кыйылды, үчөө жараат алганын кошумчалады аталган борбор.
Маалыматтарга ылайык, жекшембиде Израил менен чек арадагы Киам калаасында жарылуулардын добушу угулуп жатты, израилдик аскердик учактар Ливандын батышындагы Согмор шаарчасына эки ирет сокку урду. Рейтер агенттиги ошол эле күнү Бейруттун жана жака белиндеги райондордун үстүнөн дрондор учканын жазды.
“Хезболла” согушкер тобу өз кезегинде жанкечти дрондор ЦАХАЛдын машинасын жана аскерлерди бутага алганын билдирди.
"Хезболла" АКШ менен Израилде террордук деп таанылган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп санайт.
Тегерандын таламын талашкан согушкерлер 2-мартта Израилге ракета атып баштаганда, ЦАХАЛ Ливандын түштүк аймагын жана башкааласын бомбалоого киришкен.
Ливан менен Израилдин ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үч айлампасы өттү, бирок андан олуттуу натыйжа чыга элек.
Бейрут атышууну токтотууга жана Израилдин аскерлерин чыгарып кетүүгө жетишүүнү каалайт, ал эми Израил "Хезболланы" куралсыздандыруунун айкын планын жана Литани дарыясынын түштүгүндө буфердик зонаны сактап калууну талап кылууда.
Шерине