Хантавирус табылган MV Hondius жүргүнчү кемеси дүйшөмбүдө Роттердам портуна барды. Нидерланддын бийлиги ал жакта круиздик лайнер дезинфекцияланып, экипаждын 25 мүчөсү жана эки дарыгер 42 күнгө карантинге алынарын билдирген.
Люкс классындагы кемеде 150 саякатчы жана команданын мүчөсү, бардыгы болуп 23 өлкөнүн жарандары бар болчу. Хантавируска чалдыккан биринчи бейтап тууралуу 2-майда кабарланган.
Вирустан үч киши көз жумду. Германиялык аялдын сөөгү кремация болуп, күлү мекенине жөнөтүлмөкчү, нидерланддык түгөйдүн сөөктөрү репатриация кылынган эмес.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) сегиз кишинин вирусту жуктурганы ырасталганын, эки кишинин диагнозу бышыктала электигин билдирди.
Кемирүүчлөр алып жүргөн хантавирус абдан сейрек учурларда адамдан адамга жугушу ыктымал. Инкубациялык мөөнөтү алты жумага чейин жетет. Инфекцияны дарылоонун атайын жол-жобосу жана ага каршы вакцина жок.
Нидерланддын Коомдук саламаттык жана айлана-чөйрө институту кемеде калган акыркы кишилерде оорунун белгилери байкалбаганын маалымдады.
MV Hondius барган порт шаардан алыс жерде, 10 километрлик жарым аралда орун алган.
Шерине