Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Украин президентинин кеңсесинин мурдагы жетекчиси Андрей Ермак күрөөгө бошотулду

Андрей Ермак сотто. Киев, 12-май 2026-жыл
Андрей Ермак сотто. Киев, 12-май 2026-жыл

Украин президентинин кеңсесинин мурдагы жетекчиси, коррупцияга шектелип жаткан Андрей Ермак күрөө төлөп дүйшөмбүдө тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу украиналык маалымат каражаттары кабарлашты.

Соттун чечими менен күрөө 140 миллион гривна (болжолу менен 3 миллион 150 миң доллар) деп аныкталган. Соттун чечими белгилүү болгондон кийин Ермак андай акчасы жок экенин, бирок досторуна үмүт артарын айткан. Жума күнү 50 миллион чогултулган.

“Украинская правда” гезити булактарына шилтеме берип жазгандай, күрөөнүн эсебине 200 төлөм жасалган, айрым учурларда бир тыйындан которушкан. Чогултулган сумма 156 миллион гривнадан ашат. Маалыматтарга караганда, 30 миллионду мурдагы футболчу жана украин курамасынын машыктыруучусу Сергей Ребров которгон.

“Азаттыктын” украин редакциясынын "Схемы" долбоору 95 миллиондой каражатты юридикалык жактар жөнөткөнүн аныктады. Алсак, “Соттук-эксперттик илимий-изилдөө институту” 30 миллион жыйнаган, дагы 32 миллионду Днепр шаарындагы курулуш компаниясы которду.

Ермак Киевдин четиндеги элиталык курулушта 460 миллион гривнаны легалдаштырууга шектелип жатат. Мурдагы жетекчи өткөн бейшембиде камакка алынган.

Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) 11-майда “Киевдин четиндеги элиталык курулушта 460 миллион гривнаны легалдаштырууга катышкан уюшкан топтун” бети ачылганын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча 2021–2025-жылдар аралыгында шектүүлөр Киев облусундагы Козин айылында коттеж куруу аркылуу 460 миллион гривнадан ашык каражатты “адалдашкан”. Кеп жалпы аянты 8 гектарга жакын жер тилкесиндеги төрт жеке резиденция, кошумча имараттар жана курулуштар, жалпы колдонуудагы өзүнчө резиденция тууралуу болуп жатат.

Бул иш боюнча дагы алты адам шектүү катары өтүүдө.

НАБУ президент Владимир Зеленскийдин үстүнөн тергөө жүрбөгөнүн баса белгиледи.

Президенттин “оң колу” деп сыпатталып жүргөн Ермак күнөөсүн четке кагууда.

Ал былтыр ноябрда "Энергоатом" компаниясынын айланасындагы жаңжал маалында кызматтан кетүү арызын жазган.

Эми тергөө абагынан чыккандан кийин Ермак электрондук билерик тагынып жүрүүгө, чет өлкөлүк жана дипломатиялык паспортторун тапшырууга, Киевден башка жерге чыкпоого милдеттендирилди.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG