Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында эбола ысытмасынын учурлары катталганбаганын билдирди. Мекеме инфекциянын өлкөгө кирүү коркунучу ушул тапта төмөн деп бааланып жатканын, бирок министрлик биологиялык коркунучтарга каршы саламаттык сактоо тутумунун даярдыгын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүп атканын кошумчалады.
Мамлекеттик чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкөгө алып келинишине каршы даярдыгы текшерилип, министрлик адамдарга бир катар сунуштарды берди.
Ага ылайык, жарандарга Африка өлкөлөрүнө туристтик, кызматтык жана иш сапарларды пландаштырууда эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу, жеке гигиена эрежелерин сактоо, аба майданда оорунун белгилери пайда болгон учурда аэропорттун санитардык-карантиндик пункттарынын адистерине кайрылуу, эбола катталган өлкөлөрдөн кайтып келгенден кийин дене табы көтөрүлүү, алсыздык, кусуу, ич өткөк, кан кетүү сыяктуу белгилер пайда болсо, дароо медициналык мекемелерге кайрылуу жана барган өлкө тууралуу маалымат берүү сунушталды.
Оорунун белгилери төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
- дене табынын кескин жогорулашы;
- катуу алсыздык жана чарчоо;
- баш жана булчуң оорулары;
- тамактын оорушу;
- жүрөк айлануу, кусуу, ич өткөк;
- ичтин оорушу;
- айрым учурларда геморрагиялык белгилер (кан кетүүлөр).
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Конго жана Угандада катталган эбола вирусунан улам пайда болгон оорунун жайылышын эл аралык маанидеги коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал (PHEIC) деп жарыялаган. Уюм эки өлкөдө эбола вирусунун сейрек кездешүүчү “Бундибугйо” деп аталган штаммынын жайылышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Конгодо, расмий маалыматка караганда, “Бундибугйо” жугузуп алды делген 88 адам каза болду. Жалпысынан 336 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, бирок ооруп жаткандардын чыныгы саны андан бир топ көп болушу мүмкүн деп айтылууда.
Эбола оорулуу адамдын же жаныбардын организминен чыккан суюктук соо адамдын денесине түз тийгенде жугат. Бейтаптын денеси ысып, алсырап, кусуп, булчуңдары ооруп, бара-бара ички органдары иштебей, ичинен кан кетет.
Конгодо эбола кайра пайда болгону тууралуу маалымат 15-майда чыккан. Ушуну менен бул өлкөдө 17-жолу эбола эпидемиясы катталууда. Буга чейин 2025-жылы 34 адам каза болгон. 2018-2020-жылдары илдет 2 300 кишинин өмүрүн алган. Жалпысынан 50 жыл ичинде эболадан Африкада 15 000ге жакын адам көз жумду. (BTo)
Шерине