Eurovision ыр сынагында болгариялык ырчы Дара жеңүүчү болду. Ал Австриянын борбору Венада өткөн сынакта улуттук жюринин да, көрөрмандардын да добуш берүүсүндө алдыга чыгып, жалпы 516 добуш топтоду.
Быйыл жетимишинчи жолу өтүп жаткан конкурста жеңүүчү болгон болгариялык ырчы Bangaranga деген ырды аткарды. Чыгарма "жакшы нерселер алдыда экени, ага умтулуу керектигин" билдирген адамдарга дем берчү маанини билдирет.
Ыр сынакта израилдик ырчы Ноам Беттан экинчиликти камсыз кылды. Быйыл дал ушул Израилдин өкүлүнүн катышуусу нааразылык жаратып, Испания, Нидерланд, Ирландия, Исландия жана Словения ыр сынакка катышуудан баш тартышкан.
Алар мындай кадамга Газа тилкесиндеги согуш үчүн барышкан.
Андан тышкары буга чейин Израилди сынактын нейтралдуулугун сактоого арналган эрежелерди бузду деп айыпташкан. Анткени 2025-жылы Израил өз катышуучусу Юваль Рафаэлге добуштарды адилетсиз жол менен камсыз кылды деген айыптоолор айтылып келген.
Быйыл ыр сынакта үчүнчү орунду румыниялык Александра Кэпитанэски поп-рок жанрындагы ыры менен, төртүнчүлүктү австралиялык ырчы Дельта Гудрем алышты, ал эми италиялык ырчы Сальваторе да Винчи бешинчи болду.
Былтыр JJ аттуу ырчы жеңгенден кийин Eurovision ыр сынагын уюштуруу укугу Австрияга берилген.
Шерине