Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Орус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан бери жогору чекке жетти

Рубль.
Рубль.

Орус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан берки рекорддук чекке жетти. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 18-майда 1 орус рубли 1,1932 сом болду. Бул Орусия Украинага кол салган, 2022-жылдын февраль айынан берки эң жогорку курс.

Украинадагы согуш башталган учурда рублдин курсу кескин төмөндөп, Кыргызстандагы айрым акча алмаштыруучу жайларда 60 тыйынга чейин сатылган.

2024-жылдын аягында орус рублинин дагы төмөндөөсү байкалып, 1 рубль 78 тыйын болуп калган.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган болсо, анын 3 млрд 231 млн доллары Орусиядан жиберилген. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG