Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Өзбекстандык аял Эпштейн иши боюнча көрсөтмө берди

Өзбекстандык Роза Эпштейндин иши бобнча угуулар маалында. АКШ, 12-май, 2026-жыл. Сүрөт Би-би-синин сайтынан алынган.
Өзбекстандык Роза Эпштейндин иши бобнча угуулар маалында. АКШ, 12-май, 2026-жыл. Сүрөт Би-би-синин сайтынан алынган.

Теги өзбекстандык 36 жаштагы аял АКШнын Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинде үч жыл бою финансист, маркум Жеффри Эпштейндин сексуалдык зомбулугуна кабылганын билдирди. Би-би-синин жазганына караганда, 12-майдагы отурумда ал модель бизнесинде иштеген агент жана Эпштейндин досу Жан-Люк Брюнел менен таанышканын, карьера жасоо мүмкүнчүлүгүн убада кылганын айтып берди.

Розанын айтымында, 2009-жылы Брюнелдин агенттигинин жардамы менен виза алып, Нью-Йоркко барган. Бир айдан кийин агент аны Эпштейн менен тааныштырган. Ал маалда финансист жашы жете электерге асылуу ишинин негизинде үй камагына алынган.

Угууларда Эпштейн аны үч жыл бою зордуктаганы, визадан жана акчалай колдоодон ажыратарын айтып коркутканы белгилүү болду.

Роза өзүнүн ысымы АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган Эпштейн файлдарында аталганын, бул чоң травма болгонун кошумчалады.

Жеффри Эпштейн 2019-жылдын жайында АКШда камакка алынып, кыздарды, анын ичинде 14 жаштагы кыздарды да сатуу жана сойкулукка азгыруу беренелери менен айыпталган. Ошол эле жылдын август айында 66 жаштагы миллиардер түрмөдө өз жанын кыйган. Анын сүйлөшкөн кызы жана сот аныктагандай, шериги Гислен Максвелл сексуалдык сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн 20 жылга кесилген.

Саясий жана бизнес ишмерлери, белгилүү артисттер сыяктуу көптөгөн жогорку кызматтагы аткаминерлер Эпштейнди билишкен же аны менен кат алышып турушкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG